Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Айсулуу: Париж олимпиадасына катышарым белгисиз (видео)


Токио Олимпиадасынан кайтып келген кыргызстандык оюнчулар жана машыктыруучулар. "Манас" аба майданы. Бишкек. 7-август, 2021-жыл.
Токио Олимпиадасынан кайтып келген кыргызстандык оюнчулар жана машыктыруучулар. "Манас" аба майданы. Бишкек. 7-август, 2021-жыл.

Токиодогу жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медал алган Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиада оюндарына катышары али белгисиз экенин бүгүн, 7-августта маалымат жыйынында билдирди. Ал "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып:

"Бул тууралуу али чечим кыла элекмин. Жалпы команда менен да сүйлөшө элекпиз. Буйруса бир жуманын ичиндеби же бир айдабы бул маселени талкуулап, өз чечимим менен кыргызстандыктарды тааныштырам", - деди.


Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасына беш жыл бою катуу даярдык көрүлгөнүн айтып, анда жеткен жеңишин Кыргызстанга жана кыргызстандыктарга арнай турганын билдирди.

Ал эми анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков кыргызстандык спортчулардын жеңиштери жана ийгиликтери али алдыда экенин, анын ичинде 2025-жылы Парижде өтө турган Олимп оюндарында үмүтү чоң экенин айтты.

Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан кыргызстандык оюнчуларды бүгүн, 7-августта Кыргызстандын эли чоң салтанат менен тосуп алды. "Манас" аба майданында аларды расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу журналисттер, карапайым эл тосуп алды.

Кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уланат.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.(ECh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG