Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Коронавируска каршы эмделген жарандардын саны 600 миңге чукулдады


Sputnik V вакцинасы. Бишкек. Май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Sputnik V вакцинасы. Бишкек. Май, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 7-августка карата коронавируска каршы 530 889 адам эмделип, вакцинанын 1-дозасын, ал эми 160 699 адам 2-дозасын алды. Учурда дагы 2 344 509 доза вакцина бар.

Акыркы суткада жалпы өлкөдө 24575 адам эмделди, анын ичинен 11395 киши биринчи дозаны, 13189 адам экинчи дозаны алды.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 168 миңден ашып, эки жарым миңге жакын бейтап көз жумду.

Учурда республиканын бардык аймактарында Sinopharm, AstraZeneca жана "Спутник V" вакциналарын алууга шарт бар.

Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда. Кыргызстандын калкы 6,5 миллион адам. Алардын 30% 15 жашка чейинкилер.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG