Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

УКМК: Бизде саясий туткундар жок, кылмышка айыпталгандар бар


Талатбек Масадыков.
Талатбек Масадыков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун саясий туткундар тууралуу сөзүнө жооп кайтарды.

Билдирүүдө Таалатбек Масадыковдун мамлекет башчыга акыл үйрөтүүгө укугу жоктугу белгиленген.

"Бүгүнкү күнү бизде саясий туткундар жок, кылмыш кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып жаткандар бар. Аларды айрым күчтөр саясий куугунтукка кабылгандар деп бурмалоого аракеттенип жүрөт. Учурда коомчулук өлкөдө коррупциялык көрүнүш, анын ичинде саясий коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ишене баштады" деп жазылган.

УКМК кимдир бирөөнүн күнөөсүн сот аныктай турганын, ага жараша жоопкерчиликке тартууну же бошотууну сот гана чечерин, соттун ишине эч ким, мамлекет башчы да кийлигишүүгө укугу жоктугун белгилеген.

УКМК тарабынан жыл башынан бери ондон ашуун мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамсыз баюуга жана жемкорлукка айыпталып, камалган. Алардын басымдуу бөлүгү "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга айыпталууда.

Мурдагы экс-бажычы Райымбек Матраимов баш болгон бир нече мурдагы жана азыркы аткаминерлер мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын бир бөлүгүн же толугу менен төлөп, үй камагына чыгышты. УКМКнын маалыматына караганда жыл башынан бери коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 6 миллиард сомдой каражат мамлекетке кайтарылган.

5-августта Масадыковдун журналист Майраш Базлакуновага курган маегинен үзүндүлөр айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы президент Садыр Жапаров өткөн айда ал өзүнө орун басарлык кызмат ачып, коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыковду дайындаган. Масадыков 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон.

27-июлда Жапаров Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгенин жана Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жасалып жатканын белгилеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG