Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Токтогул суу сактагычында 12 млрд. куб метрге чукул суу бар


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

7-августка карата Токтогул суу сактагычында чогулган суунун көлөмү 11,8 млрд. куб метрден ашты.

"Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда агып кирген суунун көлөмү секундасына 503 куб метрди түзсө, секундасына кайра 425 куб метр суу агып чыгууда.

Август айынын башынан тартып суу сактагычка 122,95 млн. куб метр суу агып кирген.

Былтыркы ушул күнгө салыштырмалуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2,3 млрд. куб метрге аз.

Март айынын аягында Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат.

2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG