Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Орусияда Навальныйдын иниси дагы соттолду


Олег Навальный. Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын иниси.
Олег Навальный. Орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын иниси.

Москванын Преображенский райондук соту абакта отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын иниси Олег Навальныйды бир жылга шарттуу кести. Бул тууралуу анын адвокаты Никос Параскевов "Твиттерге" жазды.

Олег Навальный санитардык ченемдерди бузууга шыкактоо фактысы боюнча айыптуу деп табылды.

"Санитардык иш" быйыл 23-январда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо боюнча саясий акциянын катышуучуларына карата ачылган. Анда бийлик "оппозициялык саясатчынын тарапташтары пандемия маалында көптөгөн адамдар чогулган нааразылык акциясын уюштуруу менен санитардык ченемдерди бузган жана калктын саламаттыгына коркунуч алып келген" деген айып менен кылмыш ишин козгогон болчу.

Бул иш боюнча юрист Любовь Соболь, "Дарыгерлердин альянсы" коомдук уюмунун башчысы Анастасия Васильева, муниципалдык депутаттар Люся Штейн менен Дмитрий Барановский сыяктуу Навальныйдын тарапташтарынын жоопкерчилиги каралган.

Иштин алкагында сот Любовь Соболдун эркиндигин бир жарым жылга чектеген чечим чыгарган.

Бул чектөө белгиленген маалдан кийин эшикке чыкпоо, массалык иш-чараларга катышпоо жана полицияга барып, көрүнүп туруу сыяктуу чектөөлөрдү ичине камтыйт.

Айыпкерлер бул иш саясий мүнөздө экенин белгилеп, күздөгү парламенттик шайлоого катыштырбоо максатын көздөй турганын айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG