Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Кара-Кечедеги көмүр чыры жетекчини каматты


Кара-Кече.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын эмгек жамааты мамлекет башчысына кайрылуу жасады. Алар коррупцияга шектелип камакка алынган жетекчисине жалган жалаа жабылып жатат деп эсептешет. Кайрылууда 370 миң тонна көмүр уурдалууга мүмкүн эмес экени жазылган.

3-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди жана ишкананын “Кара-Кече” филиалынын эсепчисин кармады. 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Ашырбаевди 3-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алды. Ал арада мамлекеттик ишканага Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Марат Турдубаев жетекчи болуп келди.

УКМК Канатбек Ашырбаев менен эсепчини Кара-Кечеден казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп айыптоодо.

Бул факт боюнча Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция экспертиза жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, казылган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн.

УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева шектүүлөргө карата тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги пайда көрүү максатында Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталды. Кийинчерээк чийки заттар көзөмөлдөгү компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөр, анын ичинде Бишкектеги ЖЭБге сатылган”, - деди Кыдыралиева.

5-августта “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты жетекчисине жалган жалаа жабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар ишти “туура, объективдүү иликтөө жүргүзүүнү камсыздап берүүнү” өтүндү.

Кайрылууда директор Канатбек Ашырбаев “өндүрүштөгү жана көмүр кениндеги коррупцияны жоюуга колунан келишинче салым кошкону” белгиленип, “тергөө анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске алуудан баш тартып, ишти резонанс үчүн жүргүзүп жатканы” айтылат.

Мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова жетекчисине атайын кызмат койгон айып негизсиз деп айтып, буларга токтолду.

“Ишти тоо-кен тармагын түшүнбөгөн тергөөчү караган экен. Ошол себептен 370 миң тонна көмүрдү уурдап кеткен деген айып таккан. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ал үчүн 18500 машина керек. Бул бир жылда да ташууга мүмкүн болбогон көлөм. Эгер айыптоо чын болсо, анда аны жашырууга эч мүмкүн эмес болчу", - деди ал.

Канатбек Ашырбаев "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчилик кызматтарында 2012-жылдан бери иштейт. Ал мекеменин башчысы болуп 2018-жылдын июнь айында дайындалган.

Ашырбаев 2019-жылы Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткенин билдирип, милицияга арыз жазган. Ал муну өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштырып, Кара-Кечеге тартип орнотууга каршы болгондор кол салышы мүмкүн деп билдирген.

Кара-Кечеде иш токтоп турат

Учурда Кара-Кече көмүр кесиминде иш солгун. Кышка даярдыктар али баштала элек. Тазалоо иштери гана бир аздан жүрүп жатканы болбосо, көмүр казуу иши токтоп турат. Жыл сайын бул учурда көмүр Бишкек Жылуулук электр борборуна тынымсыз ташылып турчу.

Кыргызкөмүр ишканасынын "Кара-Кече" филиалынын жетекчиси Марат Орозбаев муну жетекчилердин кармалышына байланыштырат.

“Биздин жетекчилердин оор беренелер менен айыпталып жатышы эмгек жамааттын иштөө маанайына кесепетин тийгизип жатат. Учурда кендин "Борбордук" тилкесинде көмүрдү ачуу иштери жүрүп жатат. Башкача айтканда, көмүрдүн үстүндөгү жер катмарын тазалап жатабыз".

УКМК ушул жылдын март айында Кара-Кечедеги дагы бир коррупциялык схеманы ачыктаган. Маалыматка ылайык, ишкананын кызматкерлери автонунаасына ашыкча көмүр жүктөгөн айдоочулардан акча талап кылып жүрүшкөн. Эки жыл ичинде мыйзамсыз талап кылынган акчанын көлөмү 37 миллион сомду түзгөнү айтылган.

Чекисттер "Кыргызкөмүр" ишканасынын эки кызматкерин, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспекторун көмүр ташыган айдоочулардан кезексиз өткөрүү, унаага ашыкча жүк жүктөө үчүн миң сомдон алып турган деп айыптаган. Кармалгандар Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.

Күз айларынан баштап бир күндө Кара-Кечеден 200гө жакын КамАЗ көмүр жүктөп чыгат. Жумгалдыктар алардын айрымдары гана көмүрдү нормага жараша жүктөбөсө, көпчүлүгү 1-2 тоннага чейин, эң көп дегенде беш тоннадан ашык жүктөйт деп эсептешет.

Кенден көмүр ташыган автоунаалардын айдоочулары ар кандай себептерден улам кезек күтүп 10-20 күндөп, айрым учурда бир айга чейин кен чыккан жерде туруп каларын айтып жүрүшөт. Жүздөгөн жүк ташуучу машинелердин тыгыны, кезек талашып чатакташуу, уруш-талаш кадимки көрүнүшкө айланган.

Кенде жыл сайын байма-бай чыр чыгып, ал түгүл адам өмүрү кыйылган фактылар да болгон. 2014-жылы мындай көрүнүштөрдү жоюу максатында Кара-Кече көмүр кенинин кире беришине көзөмөл бекети коюлган. 2019-жылы онлайн камералар коюлуп, аны Бишкек шаарынан карап тургандай демилге ишке ашканы кабарланган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев буга чейин "Азаттык" радиосуна берген комментарийинде буларды айткан эле.

“Кара-Кече көмүр кениндеги коррупцияны токтотуш үчүн ошол жерге ишенимдүү кызматкерлерди тандоо керек. Азыр видео көзөмөл коюлганы менен коррупциялык иштер токтобой жатпайбы. Негизи эле Кара-Кечеден башка тармактарда дагы коррупция деген болбош керек, аны жоюш үчүн катуу тартип керек. Азыркы учурда коррупция менен кармалгандарды экономикалык кылмыш деп, эки эсе төлөтүп бошотуп жиберип атышат. Мындай жол менен коррупция жоюлбайт. Ашыкча сумма төлөп коюп бошоп кетет. Катаал чаралар көрүлсө, ошондо коркуу сезими пайда болуп, мыйзамсыз иштерге баруудан алыс боло башташат".

Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендердин бири болуп саналат. Анда 400 миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар. Кендин аймагында азыр үч ишкана - "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалы, "Шарбон" жана "Ак-Жол" аттуу ишкана көмүр казып иштейт.

Кара-Кечедеги ишканалар Бишкек шаарына жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарын көмүр менен камсыз кылат.

Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр керектейт. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Ал эми Бишкектеги Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) бир жылда 1 млн. 140 миң тонна көмүр жагат. Анын 680 миң тоннасы Кара-Кече кенинин үлүшүнө туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG