Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Кара-Кечедеги коррупциянын бети ачылды


Кара-Кече
Кара-Кече

2-мартта Кара-Кече көмүр кениндеги коррупцияга байланыштуу төрт киши кармалды.

Алар көмүр ташыган айдоочулардан акча талап кылганы аныкталган. Эки жыл ичинде мыйзамсыз талап кылынган акчанын көлөмү 37 миллион сомду түзгөнү айтылууда. Буга чейин Кара-Кечеде тараптардын ок атышуусуна чейин жеткен жаңжалдар катталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Кара-Кечедеги «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери, ошондой эле Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору коррупция фактысы боюнча кармалды.

“«Кыргызкөмүр» ишканасынын эки кызматкери, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору көмүр ташыган айдоочулардан кезексиз өткөрүү, унаага ашыкча жүк жүктөө үчүн миң сомдон алып турганы аныкталды. Кармалгандар Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деди атайын кызматтын өкүлү.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2019-2020-жылы Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташып келүү үчүн 15 376 унаага көмүр жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылдагы жылытуу мезгилинде жүк ташуучу унаалардын саны 22 199 болгон. Натыйжада "Кыргызкөмүрдүн" кызматкерлери негизсиз алган акчанын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан.

Учурда УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Кара-Кече кенинен көп жылдардан бери көмүр тарткан айдоочулардын айтымында, көмүр жүктөө үчүн кезексиз киргизүү жана көмүргө уруксат берилген салмактан ашыкча жүктөгөн унаалардан акча талап кылуу дайыма болуп келе жаткан көрүнүш. Көмүр кениндеги кезек күтүү жумалап созулган учурлар көп катталарын да айтып келишет. Атын атагысы келбеген айдоочу буларды айтып бердиты.

“Мындай иштер дайыма болуп келет. "Хово" айдагандардын баары эле ашыкча салмак менен чыгышат. Ал эми көмүр жүктөө үчүн кезексиз кирген учурлар көп болот, муну күзөтчүлөр жасайт, анан караларбыз деген кыйындар кезексиз кирет, биздей карапайымдар антип кезексиз кире албайбыз. Күзөтчүлөрдү алмаштыруу менен маселе чечилбейт, катуу тартип керек”.

Кара-Кече кениндеги коррупциялык иштер байма-бай айтылып, ал буга чейин Жогорку Кеңеште жана өкмөттө бир канча жолу талкууланган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев коррупциялык иштерге бөгөт коюу үчүн көзөмөлдү күчөтүү жана кызматкерлердин айлыгын көтөрүү зарыл деп эсептейт.

“Кара-Кече көмүр кениндеги коррупцияны токтотуш үчүн ошол жерге ишенимдүү кызматкерлерди тандоо керек. Азыр видео көзөмөл коюлганы менен коррупциялык иштер токтобой жатпайбы. Негизи эле Кара-Кечеден башка тармактарда дагы коррупция деген болбош керек, аны жоюш үчүн катуу тартип керек. Азыркы учурда коррупция менен кармалгандарды экономикалык кылмыш деп, эки эсе төлөтүп бошотуп жиберип атышат. Мындай жол менен коррупция жоюлбайт. Ашыкча сумма төлөп коюп бошоп кетет. Катаал чаралар көрүлсө, ошондо коркуу сезими пайда болуп, мыйзамсыз иштерге баруудан алыс боло башташат".

Кара-Кечеде тараптардын ок атышуусуна чейин жеткен жаңжалдар катталган. Ошондой эле "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчисин сабап кеткен окуя да болгон. Ушундан улам көмүр кенинин ишине криминалдык күчтөр да таасир этери айтылып келе жатат.

Көмүр кенинде мыйзамсыз иштерди болтурбоо үчүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы буга чейин атайын видео камераларды орнотушкан. Ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова буларга токтолду.

"«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы кендеги коррупциялык иштерге бөгөт коюу үчүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен дайым иштешүүгө даяр экендигин билдирип келишет. Адамдан амал качып кутулбайт экен, канчалык аракет кылбайлы ушундай окуя катталды. Коррупциялык иштерди токтотуу максатында жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу 2019-жылы "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчисин сабап кетишкен, бул боюнча иш козголгону менен, кимдер сабаганы билинбей кылмыштын бети ачылбай келет. Биз айдоочуларга да акча сунуштабагыла деп кайрылат элек".

Бишкек ЖЭБи жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектейт. Ишкананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миң тоннасы күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат. Ал эми өлкө керектеген кара алтындын жарымы Кара-Кечеден казылат.

  • 16x9 Image

    Бексултан Мамбетов

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.

XS
SM
MD
LG