Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Польша: Беларус мигранттарды ЕБ менен кармашта колдонууда


Варшава. Кристина Тимановская. Польшага качып барган беларус жөө күлүгү.
Варшава. Кристина Тимановская. Польшага качып барган беларус жөө күлүгү.

Беларус мигранттарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүп, беларустук спортчуга саясий башпаанек бергени үчүн Варшаваны “жазалагысы” келет. Бул тууралуу поляк бийлигинин өкүлү 5-августта билдирди.

Буга чейин Польша Токиодогу Олимп оюндары учурунда мелдештен четтеп, Минскиге кетүүгө мажбурланган беларустук жөө күлүк Кристина Тимановскаяга саясий башпаанек берген. Ал шашылыш түрдө гуманитардык виза алып, Варшавага учуп келди.

Аны беларус бийлигинен арачалап, коопсуз жетишин поляк дипломаттары камсыздады. Польшанын ички иштер министринин орун басары Мацей Ванзик ушул тапта Беларус Польша менен чектешкен аймактар аркылуу мигранттарды мыйзамсыз өткөрүп жатканын айтты. Муну менен Минск Европа биримдигине каршы иш-аракеттерин баштаганын, басым көрсөтүү үчүн мигранттарды инструмент катары пайдаланып жатканын кошумчалады.

“Алардын арасында жаш жигиттер, аялдар жана балдар бар. Беларус аларды чек арада "тирүү курал" катары колдонууда. Соңку мезгилде чек арада мигранттардын агымы күчөдү. Биз муну беларустук спортчуга башпаанек берүүгө каршы жооп катары кабыл алдык”, - деди Мацей Ванзик.

Европа биримдиги Беларусту чек арасынан Ирактан келген мигранттарды мыйзамсыз өткөрүп жатат деп айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG