Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Лейлекте нааразылыктан улам тосулган жол ачылды


Лейлек районунда жолду тоскондор.
Лейлек районунда жолду тоскондор.

Бүгүн, 6-августта Лейлек районундагы алтын кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясына байланыштуу жергиликтүү тургундар тосуп алган Исфана – Баткен – Ош трассасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Эл менен жолуктук. Маселесин карап жатабыз, чечебиз. Азыр жол ачылды. Исфана – Баткен – Ош трассасы ачык”, - деди президенттин өкүлү.

Бүгүн эртең менен Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын ондогон тургундары Коргон айылынын тушунан Баткен - Исфана стратегиялык жолун тосуп алган. Алар аймактагы Апрель алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, кармалган балдарды бошотуу талабын коюшкан.

3-август күнү Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында жергиликтүү тургундар Алмалуу тоосундагы алтын кенин иштетүүгө лицензиясы бар “Апрельское АZI” ишкананын ишмердүүлүгүнө каршы нааразылыкка чыгышкан. Алар компаниядан техникаларын алып кетүүнү талап кылышкан. Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, нааразылык учурунда аталган ишкананын техникаларын талкалап, кызматкерлерин ур токмокко алышкан. Жаракат алган төрт адам ооруканага кайрылган.

Мындан улам укук коргоо органдары башаламандыкты уюштурууга катышкан жарандарды кармаган. Алардын аракети "жолдорду мыйзамсыз тосуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" беренелери менен катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов эл менен кармалган балдарды бошотуу тууралуу сүйлөшүшкөнүн айтты.

Алмалуу тоосундагы Апрель алтын кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 2012-жылдан бери нааразылык билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG