Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Баткен: сел Лейлекке чыгым алып келди


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Республиканын бир катар аймактарында 5-августтун кечинде кайрадан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунда сел суусу эки баш кой-эчкини агызып кетип, жалпысынан 12 чакырымдай ички автожолдорду, 20 гектар үлүш жерди жана 20 чакты үйдүн короосун каптады.

Нарын шаарында нөшөр жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон айылындагы 15 турак үйдүн короосун, анын ичинен беш үйдүн ичин, бир үйдүн жертөлөсүн суу каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ушул жуманын аягына чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.

Өткөн айда Баткенде сел 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG