Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Лейлек: Нааразылык акциясына чыккандар менен облус башчысы жолугат


Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлекте нааразылык акциясы болуп жаткан жерге жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук администрациядан кабарлашты.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тараган айрым маалыматтарга караганда, бүгүн 6-августта Лейлекте Баткен-Исфана жолун ондогон жергиликтүү тургун тосуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратылды. Алар аймакта алтын кенин иштетүү аракетине каршылыгын билдиргени айтылууда.

Бийлик өкүлдөрүнөн азырынча бул тууралуу расмий маалымат боло элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG