Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Парктын кызматкерине жасалган зомбулукту милиция териштире баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте балдардын оюн аянтчасынын кызматкерине карата жасалган зомбулук фактысы Жазык кодексинин “Майда ээнбаштык” деген беренеси менен каттоого алынды. Бул тууралуу 5-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектүү адам милиция бөлүмүнө жеткирилди. Кызматкер алган жарааттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды, бирок ал өзү баш тартып койду. Тергөө уланууда.

Окуя 2-августта болгонун SMagic паркынын администрациясы кабарлады. Алардын айтымында, баласын аянтчага ойноткону алып барган ата кызуу абалда болчу. Ал кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөсүн талап кылган. “Мындай үрөй учурган окуяны биз көңүл жаздымда калтыра албайбыз” деп билдирди администрация.

Окуянын видеосу ушу тапта социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Андан эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта столдо жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Айрым интернет колдонуучулары милиция ишти ээнбаштык катары эмес, улут аралык кастыкты козутуу катары каттоого алышы керектигин жазып жатышат.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий деген макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG