Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Байден Гонконг жарандарына убактылуу башпаанек сунуштады


АКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден учурда мекендеги саясий куугунтуктоодон кооптонуп Америкада жүргөн Гонконгдун жарандарына убактылуу башкалка сунуштады.

Кол коюлган меморандумда Байден Ички иштер министрлигине «тышкы саясаттагы олуттуу себептерден улам» учурда Америкада жүргөн гонконгдуктардын эркин жүрүү мөөнөтүн 18 айга чейин узартууну тапшырган.

«Соңку бир жыл ичинде Кытай Гонконг автономиясына кол салып, ал жактагы демократиялык институттардын жана жараяндардын беделине доо кетирип, академиялык эркиндикти чектеп, сөз эркиндигин басты», -деди Байден. Ал Гонконгдо жүздөн ашуун саясатчынын жана активисттердин камалышын мисал келтирди. Анын айтымында, өкмөткө каршы нааразылыктардан улам он миңден ашуун киши кармалган.

Ак үй өз билдирүүсүндө АКШ Гонконгго жана эл аралык коомчулукка берген убадаларын бузуп жаткан маалда Вашингтон четте карап турбастыгын билдирди.

2019-жылы Кытай бийлиги аймактын эгемендигин чектегенине каршы Гонконгдо калайман нааразылык акциялары башталган. Көбүнчө тоз-тополоң менен коштолгон демонстрациялар коронавирус пандемиясынан улам айрым чектөөлөр киргенде басаңдаган.

Былтыр июнда Бээжин Гонконгдо улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам кабыл алган. Анын жыйынтыгында демократиячыл саясатчылар менен активисттер куугунтукка кабылып, мыйзам чыгаруу укуктарынан ажыратылган. Аймактагы оппозициялык күчтөр, Батыш мамлекеттери анда да бул документ шаардын автономиясы тууралуу буга чейинки келишимдерге шек келтирет деп айыпташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG