Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Токио-2020: Айаал Лазарев жооткотуучу беттеште күрөшөт


Айаал Лазарев (кызыл кийимчен) жана АКШ балбаны Дэн Гейбл Стивенсон. Токио, Жапония. 5-август, 2021-ж.
Айаал Лазарев (кызыл кийимчен) жана АКШ балбаны Дэн Гейбл Стивенсон. Токио, Жапония. 5-август, 2021-ж.

Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев 6-августта жооткотуучу беттешке чыгат. Анын атаандашы - учурдагы Олимпиада чемпиону түркиялык Таха Акгүл. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө башталат.

Акгүл 31 жашта. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Европа чемпионатынын жети жолку жеңүүчүсү. Олимп оюндарынын үч жолку катышуучусу. 2016-жылдагы Рио Олимпиадасынын жеңүүчүсү.

Лазарев 5-августта 125 кг салмакта америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип, чейрек финалга чыкпай калган. Америкалык спортчу финалга чыккандыктан кыргызстандык балбанга жооткотуучу таймашта күчүн сыноого жол ачылды.

Теги якутиялык Лазарев - 35 жашта, 2008-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келе жатат. Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Рио Олимпиадасында 15-орунду алган. Азия чемпиону (2015-ж.), бир күмүш, үч коло медалынын ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло байге алган.

Олимпиадада дагы бир эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев 6-августта күчүн сынайт. Ал 65 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда индиялык Бажраң Пуниа менен беттешет.

Андан тышкары, кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова да күчүн сынайт.

23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал утту.

Мамлекет Олимпиадада алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Кыргызстан медалдардын саны боюнча 66-позицияда келатат. Олимпиадага 200дөн ашуун мамлекет катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG