Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Дүйнөлүк уюм Тыныбекова менен Жуманазарованы “Кыргызстандын тарыхын жаратуучулар” деп атады


Мээрим Жуманазарова. Айсулуу Тыныбекова. Коллаж сүрөт.
Мээрим Жуманазарова. Айсулуу Тыныбекова. Коллаж сүрөт.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекованы жана Мээрим Жуманазарованы “Тарых жаратуучулар” деп атады.

Тыныбекова тууралуу уюм “Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Кыргызстан үчүн алгачкы күмүш медаль утуп, тарых жаратты” деп, Жуманазарова жөнүндө “Коло байге утуп, Олимпиадада медаль тагынган алгачкы кыргызстандык кыз болуп тарых жаратты” деп жазды.

Токио Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта коло байге алган. Бул байге Олимпиада тарыхында эгемен Кыргызстан үчүн кыз-келиндер арасындагы алгачкы байге.

Күрөштүн бул түрүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова 4-августта күмүш байге алды. Бул байге дагы эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында жана кыз-келиндер күрөшүнөн алгачкы күмүш медаль. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу. (RK/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG