Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

“Кумтөр иши”: Темир Сариев эки айга камалды


Темир Сариев. "Азаттыктын" кеңсесинде тартылган сүрөт.

"Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды.

Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты.

"Кумтөр иши": Темир Сариев эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кумтөр” ишине байланыштуу экс-премьер-министр Темир Сариевди кармады. Ага кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан деген айып тагылды. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча сегиз-тогуз жыл мурда түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Сариевге тагылган айып

Атайын кызмат Кумтөр кени жөнүндөгү кылмыш ишинин алкагында жаңы фактылардын жүзүн ачканын жана ага тиешелүү адамдарга чара көргөнүн кабарлады. Бул жолу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кармалганы расмий кабарланды.

УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева иштин жөнүн “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

“Тергөө ишинин жыйынтыгына жана иш боюнча алынган далилдерге таянып, тергөө тобу 2021-жылдын 3-августунда өлкөнүн экс-премьер-министри Темир Сариевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечимин кабыл алды. Тергөөнүн жүрүшүндө, Сариев экономика министри болуп турган убакта, тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды”,-деди ал.

Коопсуздук комитетинен ырасташкандай, мекемелер аралык тергөө тобу Темир Сариев камакка алынгандан кийин аны менен бирге тергөө аракеттерин улантмакчы. Аткаминердин бөгөт чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 48 саатта карап, чечет. Мурдагы өкмөт башчы Кумтөр боюнча иликтөөнүн алкагында быйыл майда алгач Аскер прокуратурасына, кийин УКМКга сурак берип чыккан. Анда ал өзү да, тиешелүү органдар да иштин чоо-жайы жөнүндө так маалымат таратышкан эмес.

Эгер атайын кызматтын билдирмесинде келтирилгендерди талдасак, маселе мындан сегиз-тогуз жыл мурдагы жагдайларга барып такалат.

Демек, Кумтөрдөгү нааразылыктардан улам 2012-жылдын 15-февралында кенди иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, анын башына азыркы президент, ошол учурдагы эл өкүлү Садыр Жапаров бекийт. Бул топ үч айдан ашык убакыттан кийин ушул эле жылы 20-22-27-июнь күндөрү парламентте отчет берет. Анын жыйынтыгында комиссия Кумтөр кенине Кыргызстандын атынан оперативдүү башкаруу киргизүүнү, иш жүзүндө мамлекетке алууну демилгелейт. Бир нече күндүк талаш-тартыштан кийин бул сунуш камтылган токтом кабыл алынбай калат жана жаңыдан мамлекеттик комиссия түзүлөт.

Мамлекеттик комиссиянын курамы 4-июлда бекитилип, анын төрагасы катары ошол учурдагы экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев дайындалат.

Комиссиянын ичиндеги үч топтун башчылыгына юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын директору Осмонбек Артыкбаев, финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков коюлат. Депутаттар Айнуру Алтыбаева, Бакыт Жетигенов, Максат Сабиров, Карганбек Самаков, Урмат Аманбаева, Эркинбек Алымбеков, Гүлнара Жамгырчиева жана башка мамлекеттик, коомдук мекемелердин жетекчилери мүчө болот. Комиссия өз корутундусун 2013-жылдын 24-январында жарыялаган.

Аталган комиссиянын мүчөсү, азыр мандатын тапшырып кеткен Максат Сабиров да буга чейин сурак берип чыккан. “Азаттык” экс-депутат менен байланышканда, ал өз пикирин айтуудан карманды.

Комиссиянын башка мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева мындай көз карашы менен бөлүштү:

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

“Мен депутаттык комиссиянын курамында да, мамлекеттик комиссиянын курамында да болгом. Бирок биз системалуу иштейли деп, топ-топко бөлүнүп алганбыз. Мен кесибим экономист болгондуктан, комиссиянын экономика тайпасында иштегем. Андан сырткары экология тобу, укуктук маселелер тобу бар болчу. Ошондуктан комиссиянын корутундусунда келтирилген экологиялык чыгымдар жөнүндө маалымат же санкциялардын суммасы эсимде жок. Мен аны айта албайм”.

Миллиарддык чыгымдардын дайыны

Кантсе да, атайын кызматтын “Темир Сариев жетектеген комиссия экологиялык доонун суммасын азайтып жиберген” дегени Садыр Жапаров жетектеген комиссия көрсөткөн санга салыштырмалуу берилип жатканы түшүнүктүү болуп калды. Бирок ал комиссиялардын корутундуларындагы сандар өтө көп жана аны аңдоо үчүн адистик көз керектей.

Ошондуктан комиссиялардын жумушчу топторунда көз карандысыз эксперт катары катышкан эколог, учурда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетке төрайымдык кылган Динара Кутмановага кайрылдык. Ал 2012-жылкы Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссияда да, 2012-2013-жылкы Темир Сариев жетектеген мамлекеттик комиссияда да, ошондой эле 2021-жылкы Акылбек Жапаров жетектеген комиссияда да иштеген.

Кутманованын айтымында, Садыр Жапаровдун комиссиясы анын изилдөөлөрүнө таянуу менен Кумтөрдү иштеткен компанияга 400 млрд. сомдой экологиялык доо (санкция) койгон. Ал эми Сариевдин комиссиясында анын бул жөнүндөгү сунуштары алынып салынган жана Экотехинспекция койгон 6-7 млрд. сомдук гана доо берилип калган. Андан сырткары Динара Кутманова буларга токтолду:

Динара Кутманова
Динара Кутманова

“Компаниянын мыйзамды бузган фактыларынын негизинде экологиялык санкциялар боюнча эсептеримди чыгаргандан кийин Темир Сариев мени чакыртыптыр. Анан “канча болду?” дегенде, “ушунча болду” деп айткам. Ал болсо “мынча сумманы "Кумтөр" компаниясы төлөй албайт, азайтыш керек” деген. “Жок, мен азайта албайм” деп, чыгып кеткем. Кийин мага айтпайт да, комиссияга “отчётуңар 25 барактан ашпасын” деген талап коюп, менин эсептеримди алып салышкан. Бирок башкалардыкын узун эле бериптир. Сариевдин комиссиясынын корутундусун карасаңар, менин отчётум 25 эле барак. Башкалардыкы 100-150 баракка чейин берилген. Ошентип санкция жөнүндө менин билдирүүм берилген эмес да, кийин өздөрүнүн эсебин эле берип коюшкан”, - деди ал.

Азыркы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия быйыл майда (ал кезде депутат болчу) канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Анын алдында Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Быйыл эмне үчүн 261 млрд. сом болуп калды. Анткени “Кумтөр Голд Компани” “биз мурда сандарды туура эмес берип алыппыз, мына тактадык” деп жаңылап берип жатышпайбы. Биз алар берген сандарды жокко чыгара албайбыз да, мына ошонун негизинде эсептеп чыгарганбыз”,-деди Динара Кутманова "Азаттыкка".

Баса, “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдараак экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмаз Батырбеков, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев жана өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошева кармалган.

Булардын ичинен Узакбаев жана Батырбеков тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына чыкты, Молдошева тилкат менен бошотулган. Июлдун аягында Бабанов да чет өлкөдө дарылануу үчүн камактан чыгарылган. Калгандарынын баары камакта.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев июлдун башындагы басма сөз жыйынында белгилегендей, буларга 2012-жылкы чечимге байланыштуу, “Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен кызматташуусунун жаңы шарттарын карап чыгууга тоскоол болгон” деген айып тагылган. Башкача айтканда, аталган топтогулар “Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия сунуштаган токтомдун кабыл алынышына каршылык кылышкан” деген жүйө бар.

Аты аталгандардан Асылбек Жээнбеков 2012-жылы Жогорку Кеңеште төрага болчу, Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев тармактык комитеттерди жетектеп турушкан. Ал эми Өмүрбек Бабанов болсо өкмөттүн башчысы эле жана Темир Сариев жетектеген комиссияны түзүү боюнча токтомду ошол кабыл алган. Бирок алар иш боюнча кандай көрсөтмө бергени белгисиз.

Сариев өзү башта ушул жагдай боюнча комментарий берген учуру болгон эмес. Бирок “Азаттыкка” берген кыска сөзүндө Кумтөргө байланыштуу башка жылдардагы документтер жөнүндө айтканы бар. Маселен, быйыл майда ал радиого мындай оюн билдирген эле:

Темир Сариев
Темир Сариев

“Бул жерде бардыгы келип эле 2009-жылдагы келишимге такалат. Ал парламент аркылуу бекитилип, анысы аз келгенсип, Конституциялык соттон “бул келишим туура, бардык кызыкчылыктар корголгон” деген корутунду чыгартып алышкан. Ошондуктан “Центерра Голд” дайыма "бул келишимди бузсаңар, эл аралык арбитражга барабыз, Кыргызстандын сотун тааныбайбыз” деп өктөм сүйлөп келди. Анткени келишимдин шарттарында ошентип жазылып калган. Азыр Акылбек Жапаров келишим кыянатчылык менен кабыл алынып калганын айтууда. Бирок ошол жылы өкмөттүн мүчөсү, биринчи вице-премьер-министр кызматында турган. Келишим өкмөттүн чечими менен кабыл алынган. Аны парламентке киргизип, күчкө салып эле бекиттирип коюшкан”,-деген Темир Сариев.

Башка жагдай, 2012-жылкы жана 2013-жылкы комиссиялардын корутундулары боюнча атайын кызмат койгон айыптоолор Кумтөргө байланыштуу тергөөнүн бир гана эпизоду. Мындан башка дагы төрт-беш эпизод бар.

Анын биринчиси, канадалык “Камеко” компаниясы менен Кумтөр жөнүндөгү 1992-1994-жылдагы башкы келишимге байланыштуу болгон. Тагыраагы, бул документ Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн деп бүтүм чыгарылган. Ага ылайык биринчи президент Аскар Акаевге айып тагылып, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Күн мурун Акаев Москвадан келип, сурак берип жатат.

Ал эми экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген. Иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу алардын жоопкерчилиги да каралган эмес.

Экинчи эпизод катары, 2003-жылы “Камеко” менен башкы келишимди реструктуризациялоодо коррупция болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 25,7% (7,3 млрд. сом) төмөн бааланып калганын, буга жоопкер катары коррупция менен Аскар Акаевге кошумча айып тагылганы аталган.

Үчүнчү эпизод 2009-жылкы келишим боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев баштаган топко багытталса, төртүнчү эпизод боюнча экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбеков жана депутат Төрөбай Зулпукаров баштаган топко айып аталып жатат. Бешинчи-алтынчы эпизоддор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-премьер-министр Сапар Исаковго жана экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге байланыштуу.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG