Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:00

Үч президент менен иштешкен Аалы Карашевдин сыры


“Кызматтан көтөрүлүшүмө Баекованын таасири болгон эмес”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:13 0:00

“Кызматтан көтөрүлүшүмө Баекованын таасири болгон эмес”

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер министр Аалы Карашев болду.

Ал мамлекеттик кызматка келишинде атасынын, кайын эжеси Чолпон Баекованын таасири, жардамы, президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаевдин командасында иштеп калуунун себептери ж.б. маселелердин тегерегинде кеп курду.

- Аалы Карашевдин кызматтан кызматка жогорулоосуна кайын эжеси, убагында Конституциялык соттун төрайымы болгон Чолпон Баекованын колдоосу күч болгон дегендер бар?

- Мен өмүрлүк жарым менен 1990-жылы баш кошконбуз. Ооба, Чолпон Турсуновна менин кайын энемдин эжеси болот. Мен үйлөнгөндө Советтер Союзунун убагы, Чолпон Баекова Конституциялык соттун төрайымы эмес, Жогорку Кеңештин депутаты да эмес болчу. Юстиция министрлигинде иштечү. Үйлөнгөнгө чейин Чолпон Баекованы тааныган, көргөн да эмесмин. Ата-энем куда түшүп келгенде, ошондо биринчи жолу таанышканбыз. Коомчулук алдында ачык, тике карап айта алам, кызматтан көтөрүлүшүмө Чолпон Турсунованын эч бир салымы, жардамы, таасири болгон эмес. Биздин үй-бүлөдө “кайын журт, кайын эжелер менен сый мамиледе болушубуз керек” деген принцип бар, ошону өмүр бою сактап келе жатабыз.

- Аалы мырза, сиз Акаев президент болуп турганда анын администрациясынын уюштуруу бөлүмүндө иштегенсиз. Кадрларды дайындоолордо сиз иштеген бөлүм чоң роль ойногон, кимдин кандай жолдор менен кызматка келгенин жакшы билесиз. Ошондон улам сурарым, биринчи айым Майрам Акаева канчалык деңгээлде кадрларды дайындоого кийлигишчү эле, ал кишинин бул жааттагы таасири кандай эле?

- Биринчи айым Майрам Акаеванын кадрдык маселелерге кийлигише турганын убагында мен дагы көпчүлүк сыяктуу эле маалымдоо каражаттарынан окуп жүрдүм. Ал эми жеке өзүм ал киши менен кадр маселесинде жолугуп, сүйлөшкөн учурум болгон жок. Дегеле учурашып, таанышкан да эмесмин. Себеби, ал кездеги менин кызмат ордум – бөлүмдөгү жети инспектордун бири элем. Мен бир нече президенттик администрациясынын башчысы, бөлүм башчылар менен иштешкем. Бири да “Майрам Дүйшөновнанын тапшырмасы, аткар!” деп мага айткан эмес. Негизинен кадр маселеси бөлүм башчы, администрация башчысы аркылуу чечилчү. Алар Майрам Дүйшөновна, президенттин кызы же баласы менен кеңешчү беле, мен айта албайм.

- Өзүңүз катышпасаңыз да үй-бүлөнүн кадр маселесине кийлигишип жатканы байкалчу беле?

- Менин баамымда, 1998-жылдан кийин президенттин аялы кийлигише баштаган, 2000-жылдан баштап кызы, баласы киришип, аралаша баштаган десек болот. Мисалы, биздин бөлүмгө эки ай же алты ай иштеп эле башка жетекчи кызматтарга көтөрүлүп кеткен кадрлар болгон. Ошол эле учурда жылдап бөлүмдө иштеп көтөрүлбөгөн кадрлар жүрүштү. Ошондо “бул кызынын кадры, тиги баласынын кадры, досу экен” деп айтып калышчу. Мен ал бөлүмдө он жылдан ашык иштедим.

- 2005-жылы бийликке келген Курманбек Бакиев Акаев убагында кызматта иштегендерди командасына кошпой, жаңы кадрлар менен иштеп баштаган. Бирок, сизди 2007-жылы бакандай уюштуруу бөлүмүнө башчы кылды, аны кандай түшүндүрөр элеңиз?

- Мени “Акаевдин учурунда иштептирсиң, кызматтан кет” деп эч ким айткан эмес. “Революция учурунда Жалал-Абадда жүрүпсүң, бийликтин атынан мындай мамиле кылыптырсың” деп бирөө да айткан эмес. Мен дайыма кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө аракет кылчумун. Курманбек Бакиев менен Чүйдө губернатор болуп турганда, 2000-жылы таанышкам, облустун куратору катары иштешкем. Мен ал киши менен үй-бүлөлүк жакын катышым болбосо да мамлекеттик иштерде тыгыз иштештик, бири-бирибизди жакшы бүлчүбүз. Ошондон улам администрациясына жумушка калтырса керек.

- Сизди президенттик администрациянын башчысы кызматтан кетирем дегенде Бакиев кийлигишип алып калган экен, ушул чынбы?

- Ооба, ал кезде президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков эле. Бир күнү эле мага эмес, башка бирөөдөн “арызын жазып кызматтан кетсин” деп айттырып жибериптир. Эмне себеп, иштей албай жатамбы десем, жооп жок. Эң кызыгы ал киши бир жума мурда “бөлүм башчылар Карашевдей иштегиле” деп мени мактап жаткан. Андай болгондон кийин президент Курманбек Бакиевге жазылып кирдим, абалды айтып бердим. “Мен сага ишенем, иштей бер” дегенинен кайрадан кызматымда улантып иштеп калгам.

- Аалы мырза, Бакиевдин убагында губернатор болуп жүргөн Карашевди 2010-жылдан кийин өкмөт башчы Атамбаев өзүнө кеңешчи кылып алган экен. Сиз үчүнчү бийлик менен иштеше баштадыңыз, ал кандайча болду эле?

- 2010-жылы 7-апрелде революция болду. Кызматтан кетип, бир жылдай эс алып жүрдүм. Бир күнү эле “Алмазбек Атамбаевдин кабылдамасынан чалып жатабыз, өкмөт башчы чакырып жатат, келе аласызбы” деп калышты. Мен келдим, экөөбүз сүйлөштүк. “Өлкөдө абал оор, жардам бер бизге, мага кеңешчи бол” деп Алмазбек Атамбаев өзү сунуштаган. “Ишеним көрсөтсөңүз мамлекет үчүн кандай кызмат болсо да иштейбиз” дедим.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG