Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Жумалы: Референдум өткөрүүгө геосаясат да түрткү болду


 Расул Жумалы.

«"Азаттыкта" айтылды» рубрикасынын коногу - казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы.

Казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы Кыргызстандын парламенттик системадан баш тартып, президенттик башкарууга кайра өткөнү тууралуу:

«Жалпысынан Кыргызстандагы реформалар өлкөнүн ички иши деп саналса да, ал аймактагы геосаясатка байланыштуу болот. Айтсак, демократиялык реформаларды жүргүзүү Европага жакын мамлекеттерге, Польшага, Болгарияга, Румынияга өтө оңой. Себеби айланасында демократиялык өлкөлөр, парламенттик мамлекеттер бар. Кыргызстанга бул маселеде өтө кыйын. Анткени айланасынын баары авторитардык, супер-президенттик системадагы мамлекеттер. Кыргызстандагы кырдаал буга да көз каранды. Өлкө Орто Азиянын так ортосунда жайгашкан. Башкача айтканда, айланадагы геосаясий жагдайга көп нерсе байланыштуу болот. Кыргызстандын кезинде Акаев, Бакиев, Атамбаев баштаган эксперименттеринин ийгиликсиз болушунун бир себеби - бул ички факторлор менен кошо аймактагы жагдай. Ошондуктан, менин оюмча, аймакта жалпы бир консенсус пайда болушу керек».

Казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы менен маекти аудиодон толук уга аласыз.

Жумалы: Кыргызстандын системаны алмаштырганын түшүнсө болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:54 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG