Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

"Кумтөр иши": Акаев сурак бере баштады


Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккандан кийин. 2-август, 2021-жыл.
Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккандан кийин. 2-август, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кумтөр” боюнча иликтөөнүн алкагында алгачкы президент Аскар Акаев Бишкекке алынып келгенин жарыялады. Бирок Акаев менен жакын адамдар мурдагы мамлекет башчысы Кыргызстанга өзү келгенин кабарлашты. Аскар Акаев өзү басма сөз жыйынын өткөрүп, тергөө менен кызматташуу үчүн келгенин маалымдады.

Акаевдин билдирүүсү, УКМКнын айыбы

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2-августта Бишкекке келерин башта жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жатышты. Маалыматты “Азаттыктын” жеке булактары да тастыкташты. Ал арада социалдык түйүндөргө анын учактан түшүп келаткан сүрөтү жарыяланды.

Мындан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирүү таратып, Аскар Акаев “Кумтөр иши” боюнча Бишкекке алынып келгенин билдирди. Ал мекемелер аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилгени да расмий маалымдалды.

“Мурда маалымдалгандай, "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган. Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупциялык иштерге барган деген айып тагылган. Ошентип, тергөө Акаевдин президенттигинде Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берди”,-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

УКМК Акаевди республиканын аймагына алып келүү аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталганын кошумчалады.

2-августта кечке жуук атайын кызматтын алдында Аскар Акаев журналисттерге чыгып, Кыргызстанга келген жагдайы тууралуу маалымат берди:

Аскар Акаев
Аскар Акаев

“Мен өлкөнүн жетекчилигине, президент Садыр Нургожоевичке, мага Кыргызстанга, ата журтка кайтып келишиме шарт түзүп бергени үчүн өтө чоң ыраазычылык билдирем. Мен тергөө менен кызматташуу, көмөктөшүү үчүн келдим. “Кумтөр” долбоору боюнча мага дооматтар тагылганын жакшы билесиздер, “Кумтөр” менин тушумда курулган. Кантип курдук эле, эмнеге курдук эле, кандай каталар кеткен, мен бардыгын чын жүрөктөн, ачык жана так айтып берүүгө даярмын. Ошондуктан мен тергөөгө көрсөтмө берем, бүгүн биринчи сурак болду. УКМКнын төрагасына да ыраазычылык билдирем, мени жакшы кабыл алышты. Сурак дагы уланат. Мунун алдында мен президент менен да жолуктум, резиденцияда кабыл алды. Жеке өзүнө да ыраазычылыгымды билдирдим. Мындан башка нерселерди айта албайм. Калган маалыматтарды адвокаттан алып турсаңар болот”, - деди ал.

Мурдагы мамлекет башчы андан ары жакындарынын коштоосунда автоунаага олтуруп, жүрүп кетти. Журналисттердин “Эми кайсы жактарга саякат кыласыз? Кеминге, туулган жериңизге барасызбы?” деген суроосуна так жооп берген жок. Ал Кыргызстанда бир аптача болорун гана айтты.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы брифингинде Кумтөр кени жөнүндөгү кылмыш иштин алкагында алты эпизод аныкталганын кабарлаган.

Анын биринчиси, канадалык “Камеко” компаниясы менен Кумтөр жөнүндөгү 1992-1994-жылдагы башкы келишимге байланыштуу болгон. Тагыраагы бул документ Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн деп бүтүм чыгарылды. Туңгуч президент Аскар Акаевге айып тагылып, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Ал эми экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген. Иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу алардын жоопкерчилиги каралбашы мүмкүн.

Камчыбек Ташиев 8-июлда муну мындайча түшүндүргөн эле:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Бул иште “Кылмыш ишин кыскартуу үчүн макулдук берди” деген эмнени түшүндүрөт? Бул биз тергөө учурунда алар башкы келишимди Кыргызстандын пайдасына каршы түзгөнүн далилдеп бердик, жооптуу кызматтагы ал адамдар мойнуна алды дегенди билдирет. Болгону кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аларга карата кылмыш ишин кыскартабыз. Бирок алар күнөөсүн мойнуна алды”,-деген ал.

УКМК жетекчиси экинчи эпизод катары, 2003-жылы “Камеко” менен башкы келишимди реструктуризациялоодо коррупция болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 25,7% (7,3 млрд. сом) төмөн бааланып калганын, буга жоопкер катары коррупция менен Аскар Акаевге сыртынан айып тагылганын кошумчалаган.

Үчүнчү эпизод мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев баштаган топко багытталса, төртүнчү эпизод боюнча экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбеков жана депутат Төрөбай Зулпукаров баштаган топко айып тагылган. Бешинчи-алтынчы эпизоддор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-премьер-министр Сапар Исаковго жана экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге байланыштуу.

“Азаттык” бул жагдайларды мурдараак өзүнчө талдоого алган жана атайын кызматтын аракеттерин чечмелөөгө аракет кылган эле.

Акаевди алып келүүнүн сыры

Соңку, кыска басма сөз жыйынында Аскар Акаев “Кумтөр иши” боюнча келгенин ачыктап, бирок өзүнүн өлкөгө кирүү процессине кенен токтолгон жок. Журналисттер бул жөнүндө суроо берип да үлгүрбөй калышты.

УКМК Акаевдин алып келинишин атайын операция сыяктуу сүрөттөп жатса, анын жакындары мурдагы президент Кыргызстанга өзү келгенин билдирип, УКМКнын маалыматын четке кагып чыгышты.

Акаевдин президенттик доорунда жогорку кызматтарды аркалаган мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбеков “Азаттыкка” мындай комментарий берди:

Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

“УКМК тараптан “келип, биздин “Кумтөр” боюнча суроолорубузга жоо берсеңиз” деген сунуш болду. Демилге УКМКдан көтөрүлдү. Акаев бул сунушту кабыл алды. “Бардыгы мыйзам чегинде болобу?” деп сурады. УКМК баары мыйзам чегинде болорун айткандан кийин ал Кыргызстанга келди. Кыргызстанга келишинин эки максаты бар. Биринчиси, УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолорго жооп берүү. Экинчиси, мурдагы бийликтин тушунда эки агасы дүйнөдөн өткөн. Ошолорго топурак салып, куран окута алган эмес. Мына ошол агаларына куран окутуу. Андан кийин кайра эле Москвага кайтып, өз ишин улантат. Ал Москва университетинде профессор. Андан тышкары, Санкт-Петербургда Акаевдин атайын институту ачылган болчу. Ал жерде жетекчи. Камап койсо бул бийлик тарабынан туура эмес чечим болуп калат. Себеби, баары мыйзамдын чегинде болот дешкен. Биз Акаевдин “Кумтөр” боюнча жеп алганы жок экенин билебиз. Балким, келишимдерден ката кеткендир. Бирок ал кыргызга атайын жасалган душмандык, чыккынчылык эмес. Андай нерсе Акаевдин аракетинде болгон эмес. Ошондуктан, өзүнө ишенгени үчүн келип жатат. Эгер баш тартса, “күнөөсү болгон үчүн качып жатат” деп айтсак болмок да”, - деген ал.

Аскар Акаев “Азаттыкка” буга чейин берген кенен интервьюсунда жана комментарийлеринде “Кумтөр ишине” байланыштуу тергөөнүн жүрүшүн үзгүлтүксүз комментарийлеп келген. Ал өзүнө карата коюлган айыптоолорду төгүнгө чыгарып, тескерисинче Кумтөрдү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, азыркы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровду айыптаган билдирүүлөрү менен чыккан.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов Акаевдин көрсөтмөсү эл аралык сотто жардам бериши мүмкүн экенине токтолду:

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Президент Садыр Жапаров менен жолукканда Аскар Акаев Кыргызстанга келе турганын, тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдириптир. Муну мага Садыр Жапаров менен кездешкенде, президент өзү айтты. Мен анда Жапаровго “Акаев, азамат экен. Сиз дагы абдан туура кылып жатасыз, айкөлдүк көрсөтүпсүз” десем ал, “Сиз деле кечирдиңиз го” деп тамашалады. Ооба, кечиргем, мен кайда, ал кайда, Акаевге мага караганда жаман болду. Суракта кандай көрсөтмө берерин билбейм. Бирок бул кишинин көрсөтмөсү мүмкүн эл аралык сотто жардам берет. Бирок ал анын көрсөтмөсүнөн көз каранды. Кандай документтерди берет белгисиз да”.

Кумтөргө киргизилген тышкы башкаруу

Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына Кыргызстандын атынан убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунуштаган.

17-майда Жогорку Кеңештин чечими менен Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компаниге” Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу жетекчи кылып дайындап, ишкананы башкарууну колго алган. Анда убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, зарыл болсо дагы узартылары айтылган. Centerra Gold Inc. айыптарды четке кагып, бул аракеттерди “басып алуу” деп атаган жана кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген.

Азыр маселе сүйлөшүү аркылуу чечилет, же соттошуу аркылуу чечилет. Ошол себептүү айрым саясатчылар Кумтөр иши боюнча камоолорду эл аралык соттошууга даярдык катары баалап жатышкан.

Жогоруда айтылгандай, Аскар Акаевдин тушунда өкмөт башчы болгон Турсунбек Чыңгышев менен Апас Жумагулов Кумтөрдө коррупциялык иштер болгонун мойнуна алышкан. Эгер Акаев да муну ырастап берсе, анда бул Кыргызстандын бийлигинин чоң куралы болуп калмакчы.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев буга чейин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө мындай пикири менен бөлүшкөн:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Кумтөр Кыргызстандагы эң чоң кен. Ал өлкөгө миллиарддаган доллар пайда алып келиш керек эле, мындан ары да ушунча пайда бере турган потенциалы бар. Бирок 2003-жылы түзүлгөн кылмыштуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдин негизинде бүгүнкү күнгө чейин ал башка субъектилердин кызыкчылыгына гана иштеп жатат. Ошондой келишимдерди билип туруп кол койгон жетекчилер бар. Ошолорду биз аныкташыбыз керек жана “кеч болуп кетти” деп камактан кутулса дагы юридикалык бааны алышы абзел. Анткени бизди эл аралык сот күтүп отурат. Эл аралык сотто биз Кумтөр келишими башынан эле коррупциялык экенин, президенти, өкмөтү баш болуп, кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп кабыл алганын далилдеп алып барсак, дүйнөлүк коомчулук, Канада, АКШ, Европа деле “коррупция” дегенге терс баа берет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын “өч алуу”, же “пиар” катары карабастан, далилдик базабызды бекемдөө катары баалаш керек”,-деген Текебаев.

Деген менен тергөөнүн бутасына алынган саясатчылардын бир тобу жана алардын жактоочулары УКМК тараптан коюлган айыптарды төгүнгө чыгарып келишет. Анын ичинде Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, Исхак Пирматовдун, Өмүрбек Бабановдун жана башкалардын адвокаттары коюлган кинени “абсурд” маанисинде аташкан жайы бар.

Бакиев да алынып келинеби?

Кантсе да, мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга алынып келиши коомчулукта кыйла талкуу жаратты. Көпчүлүк анын мезгилиндеги бийликти узурпациялоо, Аксыда элге ок атуу сыяктуу кылмыштарды эстеп, “алар боюнча да бийлик чара көрөбү?” деген суроолорду кабыргасынан коюшту.

“Эми Аскар Акаевге байланыштуу окуялар кандай нукта өнүгөт деп ойлойсуз?” деген суроого депутат Дастан Бекешев мындайча жооп берди:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Эми бул ар кандай айтылышы мүмкүн, “бийлик алдамчылык кылып жатат” же башка деп да бааланышы ыктымал. Бирок менимче таасирлери мындай болот. Ал карып калды. Эми коррупционерлерге жол ачылат деп айтса болот. Биз билебиз да, Аскар Акаевдин учурунда кандай коррупция болгонун. Үй-бүлөлүк система болгон. Бул туурасында жүз жолу айтылган. Булар 2005-жылы да, 2010-жылдан кийин да айтылган. Демек, бул бийлик менен сүйлөшсө болот, бюджетке же башка шарт менен төлөп, чыгып кетсе болот деген ойлорду жаратат”.

Ушул эле тушта дагы башкалары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тагдырына кызыгышууда. Себеби ага дагы “Кумтөр иши” боюнча айып тагылып, издөө жарыяланган. Ага мындан сырткары 2010-жылкы апрель окуясы боюнча да айып тагылып, сыртынан соттолгон.

Мурдагы эл өкүлү Исхак Масалиев Бакиевди алып келүү ыктымалдыгы жөнүндө мындай ойлору менен бөлүштү:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Эми Курманбек Бакиевди сот сырттан жазага тарткан. Соттун чечими бар. Убакылуу Өкмөттүн мезгилинде, кийинчерээк Курманбек Бакиев боюнча, Жаныбек Бакиев боюнча, Максим Бакиевдин иши сырттан каралбады беле. Эгер каалоо-ниети болсо аларды чакырса болот. Ал үчүн ошол эле Владимир Владимирович (Путин) менен сүйлөшүп, кандайдыр бир жол-жобосу мыйзам жолу менен алып келсе болот. Бирок президенттерге тийиштүү маселеде келишимдердин формалары бар да, кандай себеп менен сүйлөшөт деген. Мисал катары айтып кетейин, мына Аскар Акаевди 2005-жылдын мартында кетирип жатканда байкасаңар, аны Москвага кызматын тапшыртканы ким барган? Текебаев барган, Сариев барган, Садыр Жапаров барган, Кадыржан Батыров барган. Демек ошондо алар “Аскар Акаев сен кызматтан кет” деп айтканда кандайдыр бир убада бергенби, сүйлөшкөнбү мен аны билбейм. “Сен арызыңды жазып бер, сени куугунтук кылбайбыз” деп убада бергендир да. Себеби, ошол учурда ал кишини кетириш үчүн кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон да. Азыркы президентибиз ушул делегациянын катарында “Аскар Акаевич кызматыңызды тапшырыңыз, эл каршы болуп жатат. Сиз коркпоңуз. Биз мындай кылабыз” дегендир. Мен билбейм да аныгын. Баары тең жооп берет. Кандай болсо да баары мыйзам чегинде болуш керек”.

УКМК Кумтөр боюнча тергөөнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарып, Министрлер кабинетин кенге байланыштуу бардык келишимдерди денонсациялоого чакырган. Мекеме жогоруда аталган жагдайларды эске алып, канадалык компания менен түзүлгөн документтердин баарын мыйзамсыз деп тапкан. Бирок ал боюнча соттун чечимдери да чыга элек жана президент менен өкмөттүн позициясы да белгисиз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG