Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Токио-2020: Эрназар Акматалиевдин атаандашы белгилүү болду


Эрназар Акматалиев Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалында. 11-апрель, 2021-ж. Алматы, Казакстан.
Эрназар Акматалиев Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалында. 11-апрель, 2021-ж. Алматы, Казакстан.

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 6-августта эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта мелдешке катыша турган кыргызстандык Эрназар Акматалиевдин алгачкы атаандашы белгилүү болду. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 8:00дө башталат.

Ал 1/8 финалда индиялык Бажраң Пуниа менен беттешет. Бул салмакта жалпысынан 16 балбан күч сынашат.

Бажраң Пуниа 27 жашта. Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси (бир күмүш, эки коло), Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку күмүш, эки жолку коло байгесинин ээси. Азия оюндарынын күмүш жана коло байгесин уткан.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Токио Олимпиадасына жолдомону быйыл апрелде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алган. Ал 65 килограмм салмакта мелдештин жарым финалында 2020-жылдагы Азия чемпиону (70 кг), өзбекстандык Ильяс Бебулатовго 0:8 эсебинде жеңилип келе жатып, атаандашынын далысын килемге басып финалга чыккан.

Алтын байге үчүн беттеште ирандык Амир Мохаммад Язданини 15:13 эсебинде жеңип, алтын медал тагынган.

Бул жылы Акматалиев Украинада өткөн эл аралык мелдеште да күмүш байге алды. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунун жеңүүчүсү. 2018-жылдагы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. 2015-жылы уландар (кадеттер) арасындагы Азия чемпионатынын коло байгесин алган. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG