Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Токио-2020: казак мушкерлери алтындан кол жууду


Казакстандык мушкер Сакен Бибосыновдун Токиодогу жарым финалда утулгандан кийинки реакциясы. 5-август, 2021-жыл.
Казакстандык мушкер Сакен Бибосыновдун Токиодогу жарым финалда утулгандан кийинки реакциясы. 5-август, 2021-жыл.

Токиодогу Олимп оюндарында Казакстандын мушкерлер курама командасы алтынсыз калышты. 5-августта мушкер Сакен Бибосынов 52 килограмм салмакта жарым финалда британиялык спортчуга 2:3 эсебинде утулуп калды.

Чейрек кылымдан бери алгачкы ирет казак мушкерлери финалга жетпей калышты. Курама команда 1996-жылдан бери мекенине алтынсыз кайта элек болчу.

Бул жолу Сакен Бибосынов менен Камшыбек Кункабаев коло медалга ээ болушту. Казакстандык күйөрмандар Рио-де-Жанейродо күмүш тагынган Василий Левитке жана 2019-жылкы дүйнө чемпиону Бекзат Нурдаулетовго үмүт артып турушкан.

Учурда Казакстандын улуттук курама командасынын капчыгында беш коло медаль бар. Мушкерлерден башка дзюдочу Елдос Сметов, оор атлетчилер Зульфия Чиншанло менен Игорь Сон коло алышкан.

Борбор Азия мамлекеттеринен эки алтын, бир коло медаль менен Өзбекстан алдыда. Андан кийинки орунда эки күмүш, бир коло менен Кыргызстан турат. Казакстан үчүнчү, ал эми Түркмөнстан эгемен тарыхындагы алгачкы күмүш менен төртүнчүдө. Тажикстан бул жолку Олимп оюндарында бир да медаль алган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG