Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Эркин Казакстанды эңсеген Болат Атабаев


Болат Атабаев.

29-июлда 70 жашка караган белгилүү казак режиссеру, коомдук ишмер Болат Атабаев каза болду. Сейрек кездешчү өнөр адамы, театр менен турмушту жуурулуштуруп, коомдук-саясий иштерге активдүү катышкан инсан дүйнөдөн көчтү.

Ал Батышта жүрүп Казакстандын өкүмзор бийлигине каршы чыккан күчтөрдүн баарына көмөгүн көрсөттү. “Казакстандагы саясий системаны өзгөртөм десе, шайтан менен да кызматташууга даяр" экенин билдирген жайы бар.

"Өзгөчө киши"

Болат Атабаев 1952-жылы төрөлгөн. 1974-жылы Алматыдагы чет тилдер институтун, 1983-жылы Алматы мамлекеттик көркөм театр институтун бүтүргөн. 1990-жылы Германиядагы Мюнхен улуттук театрында кесиптик чеберчилигин өркүндөткөн. 20 жылдан кийин бул шаарга иштөөгө барган.

Азыркы казак театры менен маданиятынын стеретотиптери тууралуу анын ой жоруулары, ошондой эле койгон оюндары театр сүйүүчүлөр чөйрөсүндө, көрүүчүлөр арасында ар кандай талаштарды жаратчу. Атабаев өзү тууралуу минтип айтчу:

"Мен өзүм ар түрдүүмүн. Бирок көркөм өнөрдү түшүнбөгөндөргө “кызыктай” кишимин".

Инсан маданиятын ал “үй-бүлө тибиндеги маданият” менен “жарандык маданиятка” бөлүп, буларга “каршылык көрсөтүү маданиятын” кошуп койчу, өзүн соңкусуна киргизип, коомдук иш-аракетинде анысын ачык көрсөтчү.

Режиссер, коомдук ишмер Болат Атабаев "Жаңы-Өзөн 2011 - укук жана эркиндиктер чындыгы" сүрөт көргөзмөсүндө сүйлөп жаткан учуру. Варшава, 2013-жылдын 7-декабры.
Режиссер, коомдук ишмер Болат Атабаев "Жаңы-Өзөн 2011 - укук жана эркиндиктер чындыгы" сүрөт көргөзмөсүндө сүйлөп жаткан учуру. Варшава, 2013-жылдын 7-декабры.

Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштуу айыптоолор жарыялангандан кийин 2011-жылдын 16-декабрында ал өзүнүн "Аксарай" театрында "Көчкү" спектаклин койду. Пьесада тоо боорунда жашаган айылдыктардын коркунучка жык толгон азаптуу жашоосу көрсөтүлгөн. Тоо баашындагы көчкү ордунан козголуп кетпеши үчүн адамдар шыбырап сүйлөшөт же унчукпай отурушат.

Айыл аксакалдары боюнда бар келиндерди аңдып, кимдин үйүндө толгоо башталды экен деп аңдып турушат. Жарык дүйнөгө келип аткан наристенин элдин андайы менен иши не, барылдап ыйлап, көз ачканын жарыя кылат. Анысы болсо араң турган көчкүнү чакырышы мүмкүн, ошондуктан элеттиктер толгоосу бышып калган келиндерди аңдып, бул ишти эртерээк жөндөөгө мажбур болушат.

Табият ага карайбы, жаш келиндин толгоосу маалынан эрте башталып кетип аксакалдар наристе барылдаган ыйы менен көчкүнү чакырып ийбесин деп жаш келинди тирүүлөй көөмп салууну туура көрүшөт. Келиндин жапжаш күйөөсү аялы менен төрөлө элек баласын жарык дүйнөдөн жок кылгысы келгендердин чечимине каршы чыгып, аны өзгөртүүнү сурайт. Аксакалдар жигиттин суранычын четке кагышат, алар бир аял үчүн бүт айыл азап чегип, көчкү алдында калышы туура эместигин айтышат.

Үмүтү үзүлгөн жигит ачуусу келип мылтыгын алып чыгып асманга атат. Спектаклдин кульминациясы ушундай.

Жүрөгү түшкөн айылдыктар эми качан көчкү келип басып калар экен деп коркуп турушат. Бирок көчкү жок! Арадан биртоп убакыт өтүп алар ушунча жыл көчкүдөн жөн эле коркуп, жок коркунучтан үркүп жашап келишкенин акыры түшүнүшөт. Режиссер бийликтер деле "ушинтип карапайым элди коркунучта кармап турууга кызыкдар" деп эсептейт.

"Бул чыгарманын трагедиясы эмнеде? Адамдар "кыйкыргысы" келет. Алар өз ойлорун жеткиргенге куштар. Ал эми коркунуч болсо алардын аң сезимин ээлеп алган. Өлөр-өлгүчө ушинтип коркуп жашайт. Чын-чынына келгенде эч кандай "көчкү" жок. Карасаңыз, мылтык атылды, көчкү болсо жок. Мына, бул биздин азыркы жагдайыбыз: жадесе биз оюбузду айтыштан да коркобуз", - деген ал.

Казакстандын театр чөйрөсүндө Атабаевдин "Көчкүсүн" салкын-суз кабыл алышты. Айрымдар "фантазияга берилип кеткен" дешсе, башкалары "турмушта болгондун баарын сценага алып чыгуунун кажаты жок" экенин айтып чыгышты. Үчүнчүлөрү болсо, Болат Атабаев "өзүнүн позициясы менен эле алек" деп бүтүм чыгарышты.

"Кыязы, театрга ал көз карашы менен жутулуп кетти окшойт, эми бул абалынан чыга албайт, кийинки койгон оюндарына саясий боёк сүртүп койчу болду, чыгармачыл адам көз карандысыз болуш керек". Сынчылардын пикири ушундай болду.

Болат Атабаев. Алматы, 2012-жылдын 13-январы.
Болат Атабаев. Алматы, 2012-жылдын 13-январы.

"Саясий күрөш"

Болат Атабаев 2000-жылдан тарта Казакстандын коомдук-саясий иштерине активдүү катышты. Анын адам укугу менен Казакстандагы саясий эркиндик тууралуу айткандары коомчулуктун көңүлүн бурду. Сөз эркиндигин коргоого арналган жыйындарда, маселен, ал мындай деп айткан:

"Маалыматка жетүү укугу адамга өкмөттөн эмес, табияттан берилген. Өкмөт бул эркиндиктин кол тийбестигин камсыз кылып коргошу керек. Казакстанда ушундай жыйындарды өткөрүү зарылдыгы болбой калган күндөрдүн келишин тилейм".

Болат Атабаев өзүнүн саясий позициясын Жаңы-Өзөн окуялары алдында 2011-жылдын декабрында өзгөчө белгилеген. Ал эмгек укугунун сакталышын талап кылып иш таштаган мунайчыларды колдоп чыккан. Нааразылыкка чыккандарды атып таратышкандан кийин "социалдык каршылыкты козуткан" деп айыпташып Атабаевди камакка алышкан.

Жаңы-Өзөндөгү окуяларды тергөөгө ыктыяры менен катышуудан баш тартып, бул ишти кароочу сотту шылдыңга айлантарын билдирген. Аны суракка алып барышып ошол жерден камакка алышкан.

"Тергөө учурунда мени сүрөт тартууга мажбурлашты. Мага үйдү, даракты, белгисиз жаныбарды тарт дешти. Мен белгисиз жаныбарды тарттым. Алар: "Бул эмне? - деп сурашты. Мен "каэнбэзавр" дедим",- деп эскерген ошол күндөрдү.

Amnesty International уюму камакта жаткан Болат Атабаевди "өз пикирин айтуу укугун пайдаланганы үчүн кысыма кабылган абийир туткуну" деп тааныган.

Режиссердун камакка алынышы коомдук жаңырыктар жараткан окуяга айланган. Ал арада айрым маданий ишмерлер "саясий көз карашы" үчүн кармоого жол берилбестигин айтышса, башкалары Атабаев "кээде апыртып коёрун", "артыкбаш нерселерди айтып саларын" ырастап чыгышкан.

Бирок Казакстан бийлиги Атабаев ишин эртерээк жаап салууга аракет кылды. Белгилүү режиссёр Ермек Турсуновдун арачылыгы менен ал эркиндикке чыгарылды.

Болат Атабаев (солдо) кинорежиссер Ермек Турсунов менен. Алматы, 2012-жылдын 4-июлу.
Болат Атабаев (солдо) кинорежиссер Ермек Турсунов менен. Алматы, 2012-жылдын 4-июлу.

Ошондон көп өтпөй Болат Атабаев Казакстандагы саясий жагдайды талкуулоо үчүн Германияга келип Бундестагдын мүчөлөрү менен жолугушкан. Казакстанга кайтып барса камалып калышынан чочулап Германияда калып калган. Кёльн театрында иштеп, университетте лекция окуган.

Германияда жүргөндө саясий ишмердигин токтотпой, Казакстандагы саясий жагдайды социалдык тармак аркылуу сындап турган.

"Менин максатым - Казакстандын байлыгын сатып, жарандык коомго каршы чыккандарга каршы көз карашты калыптандыруу. Алардын Батыштан алган каражаттарынын булагын изилдеп таап ачып берүү, бул ишти кимдер жасап жатса ошолорго көмөк көрсөтүү. Казакстанда деле Батыштагыдай жарандык коомдун пайда болушуна жардам кылуу", - деп айткан.

Чет жерде жүрүп Атабаев Казакстандагы өкүмзор бийликке каршы чыккан бардык күчтөргө жардам көрсөттү. Германияга кетер алдында ал маалымдоо каражаттарына "саясий системаны өзгөртүш үчүн шайтан менен болсо да кызматташууга даяр экенин" билдирген.

Болат Атабаевди эскерип: "Менин максатым айкын - неберелеримдин бактылуу күндөрү үчүн күрөшө беремин" деген сөздөрүн кайталап айтып, жазып жатышты бул күндөрү Казакстанда.

2013-жылы ал биринчилерден болуп ал кездеги Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиевдин "Эркин Казакстан өкмөтүн" түзүү демилгесин колдоп, уюштуруу комитетинин катарына кире турганын билдирген. Рахат Алиевдин демилгеси социалдык тармактагы анын тарапташтары менен каршылаштарынын кызуу талаш-тартышын жараткан.

Атабаев четте куугунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген "Казакстандын демократиялык тандоо" кыймылын да колдогон. Чет жерде жүргөн режиссер Казакстандагы жарандык коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтчү фонд түзгөнүн билдирген. "Аксарай" театрынын Кёльндагы гастролу аншлаг менен аяктаган. Чет элдик кесиптештери режиссёр Болат Атабаевдин коомдук ишмердигин "үлкөн эрдик" деп баалап, "Аксарайды" - "социалдык театр" деп аташкан.

"Азаттыкка" берген маегинде Атабаев Германиядагы саясий театрдын ролун жогору баалап, андай театрды түзүүгө Казакстанда деле жетиштүү шарттар бардыгын ырастаган.

"Режиссерлор коркуп жашайт. Алар театрда дагы иштегиси келишет. Ошон үчүн коркушат. Ички цензурадан чочулашат. Дайыма өздөрүн тыйып турушат. "Минтип айтсам, тигиндей болушу мүмкүн" деп ойлошот. Кептин баары коркунучта", - дечү ал.

Кайтуу

2021-жылдын жазында Болат Атабаев Казакстанга кайтып келди, бирок маалымдоо каражаттарына ачылып сүйлөбөдү. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин анын белгилүү журналист Канат Тлеуханга берген маеги көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

"Биринчи аңгемелешүүгө анчалык көңүлүм тартпай бардым, ачылып суйлөшө албадык. Ал өзү мүнөзү катуу адам го. Бирок биз кыйлага көп нерселер жөнүндө сүйлөштүк. Мага коштошуп аткандай көрүндү. Мага анын сөөлөтү бийликтин куйкасын куруштурган Аскар Токпанов, Нургис Тлендиев, Бауыржан Момышулы менен кандайдыр бир ички окшоштугу бар экенин байкадым. Буларды өкмөт жактырбаганы менен айткандарын эсепке алышчу, эсептешчү. Бирок Болат ага алардай болбой калды, анын үстүнө коом да өзгөрүп кетпедиби", - дейт Тлеухан.

Атабаев Германияда жашап жүргөн учуру, 2012-жылдын августу.
Атабаев Германияда жашап жүргөн учуру, 2012-жылдын августу.

Ошол маектен соң көптөрү Тлеуханды режиссёр менен дагы кездешип сукбат уюштурууну суранышты. Экинчи маек да болду. Угармандар Атабаев менен сүйлөшкүсү келип, байланышка чыгууга аракет жасашты. Алматыдагы Габит Мусрепов атындагы жаштар театрында ага арналган спектакль өттү.

"Оюндан кийин ал пьесаны шашпай талдоого алды. Анан актерлор менен режиссерлорго: "Мындан ары жандуураак иштешиңер керек экен" деди. Мен анын шакирттеринин тизе бүгүп угуп отургандарын көрдүм. Экинчи маекти ал өзү суранган. Анда маанайы жакшы болчу. Адамдардын аны издеп табышканы көңүлүн көтөрүп койгондой сезилди. Дагы жашагысы келип, ишеними артып турган. Бутунда протез бардыгын, кудай буюрса көчөгө чыга турганын айткан. Азыр алардын баарын эстей отуруп, аны ажал алып кетер алдындагы бир учурда өзүн жакшы сезген маалы экен деп калдым", - дейт Канат Тлеухан.

Макаланын автору Асылхан Мамашулы "Азаттыктын" Алматы бюросундагы репортер, негизинен саясий темаларда жазат. 1973-жылдын апрелинде төрөлгөн. 1994-жылы Коркут- ата атындагы Кызыл-Ордо педагогикалык институтун бүтүргөн 1997-2000-жылдары Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин аспирантурасын аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG