Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Акаевдин келиши Бакиев тууралуу талкууну күчөттү


Аскар Акаев, Курманбек Бакиев
Аскар Акаев, Курманбек Бакиев

Кыргызстанда бийликтен кулатылган мурдагы президенттердин бири Аскар Акаевдин өлкөгө кайтышы менен качкын президент Курманбек Бакиев да Кыргызстанга келеби деген талкуулар күчөдү.

2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаев ушул аптада 16 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келди.

УКМК "Кумтөр" долбоору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда президент Москвадан алып келингенин билдирсе, Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып өз эрки менен келгенин айтууда.

Коомчулукта Аскар Акаевдин өлкөгө келиши Апрел ыңкылабында бийликтен кулатылып, 11 жылдан бери Беларустун борбору Минскиде баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевди актоо аракети деген пикирлер айтылууда.

Коомчулукта мындай божомолдор тарап жаткан маалда Башкы прокуратура Бакиев боюнча билдирүү таратып, "эгер ал Кыргызстанга келе турган болсо же аны укук коргоо органдары алып келсе, беш жыл мурдагы сот өкүмүнүн негизинде дароо камакка алынарын" эскертти.

"2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя жана башка кылмыштар үчүн Бакиев 30 жылга эркинен ажыратылган, сот өкүмү күчүнө кирген”, - деп билдирди прокуратуранын өкүлү Чолпон Абдимомунова .

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган.

Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Ошол өлкөнүн жарандыгын алган. Өткөн аптада эле беларус хакерлери өлкөнүн паспорттук тутумун бузган учурда Курманбек Бакиевдин паспорттук маалыматтары чыккан эле.

Бакиев жана анын жакындары Апрель окуяларындагы кан төгүү эле эмес, бийликте турган жылдардагы адам өлтүрүү, кол салууларга байланыштуу кылмыш иштеринде фигурант болгон.

Башкы прокуратуранын акыркы билдирүүсү айрымдарды ынандырган жок. Дале болсо коомчулукта Акаевдин аркасынан Бакиев келиши мүмкүн деген пикирлер арбын. Буга бир нече себеп бар. Айрымдар Аскар Акаевдин келиши дал ушул Бакиевди алып келүүгө жол ачуу деп да болжолдоп жиберди.

Анын үстүнө мурдагы президент Кыргызстанга кайтардан эки күн мурун учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына "убактымды саясий куугунтукка коротпойм, пайдалуу ишке, кыргыз элин бириктирүүгө жумшайм" деген туюк билдирүү жазган.

Акаев менен учурдагы бийликтин ортосуна ортомчу болду делген мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков соңку кырдаал Бакиевдин келишине жол ачарын четке каккан эмес.

Бекболот Талгарбеков.
Бекболот Талгарбеков.

“Жол ачылышы мүмкүн. Менин пикиримде, бийлик Бакиевге дагы сунуш кылса жакшы болмок. Келип жооп берсе, эки варианты болушу мүмкүн да. Акталат же соттолот. Соттолгон күндө дагы соттоп, кайра мунапыс берүүгө неге болбосун? Элибиздин ынтымагы үчүн. Ал эми күнөөлөрү болсо жазасын тартышты да. Бул менин жеке пикирим. Бакиев боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок Акаев келгенден кийин ага да жол ачылат деген тезиске мен кошулам".

Ал эми саясий талдоочу Сейтек Качкынбай учурдагы бийликтегилер Курманбек Бакиевдин башкаруусундагы жылдарда жооптуу кызматтарды эске салып, учурда коомчулуктагы маанайды байкоо жүрүп жатат деген пикирин айтууда:

"Бакиевди алып келгенге даярдык жүрүп жаткандай сезилет. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө эгер келип калса кармайбыз деген менен аны толугу менен жоопко тартабы башка маселе. Эки-үч ай сурап, коомчулукка чыгарып коюшу мүмкүн. Учурда коомдогу маанайды байкап, тамырды тартып көргөндөй туюлуп жатат".

Бирок саясий чөйрөдө Акаев менен Бакиевдин жагдайы башка деген пикирлер да бар. Себеби, 2005-жылдагы Жоогазын ыңкылабынын тушунда демонстранттарга ок атылбаса, 2010-жылы 90дон ашык адам ажал таап, 300дөн ашыгы жараат алган. Бакиевдин башкаруусундагы жылдарда өлтүрүлгөн, 7-апрелде окко учкандардын жакындарынын жарасы айыга элек.

Акаевдин жакындарына дагы кылмыш иши козголгон. 2019-жылы Башкы прокуратура маалымат таратып, жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фонду, уулу маркум Айдар жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгонун билдирген эле. Курманбек Бакиевдин уулдары Марат жана Максим, иниси Жаныш сыртынан соттолуп, эң катаал жазаларга тартылган.

"Бакиевдин келиши кыйын. Анткени ага кылмыш иши козголуп, соттун акыркы чечимдери чыккан. Акаев менен Бакиевдин шарттары эки башка. Бакиевдин дагы бул маселеде Кыргызстанга жардам берем деген ниети болсо, келбесе дагы тергөөчүлөрдү өзүнө чакырып, көрсөтмөлөрүн Минскиде туруп берсе дагы болот", - деди Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев.

Мекенинде 90 адамдын өлүмү жана башка оор кылмыштар үчүн соттолгон Бакиев жана анын үй-бүлөсү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.

Акыркы жылдары кыргыз бийлиги деле бул маселени эстен чыгаргансып дээрлик көтөрбөй калгандай.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG