Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Беларустун паспорт тутуму бузулду: ашкереленген маалыматтар


"Киберпартизандар" хакерлер тобунун эн белгиси.
"Киберпартизандар" хакерлер тобунун эн белгиси.

Беларустун "Киберпартизандар" жашыруун хакердик тобу өлкөнүн паспорттук тутумун бузуп, миллиондогон адамдардын жеке маалымат базасына ээ болгонун жарыялады.

Миллиондогон паспорттук маалыматтар, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилери тууралуу "жашыруун жазуулар", Лукашенконун жакын чөйрөсү жана беларус тыңчыларынын жеке маалыматтары хакерлердин колуна түштү.

"Киберпартизандар" деген жашыруун ат менен белгилүү хакерлер тобу Беларустун электрондук паспорт тутумун бузуп кирип, андан алынган жеке маалыматтардын бир бөлүгүн "Телеграм-каналга" жарыялады.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Лидия Ермошинанын, КГБнын башчысы Иван Тертелдин, Улуттук жыйындын төрайымы Наталья Качанованын жана 2010-жылдагы ынкылаптан кийин Минскиде жашаган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин паспорттук маалыматтары чыкты.

Курманбек Бакиев. Кыргызстандын мурдагы президенти Беларустун жарандыгын алганы ырасталды.
Курманбек Бакиев. Кыргызстандын мурдагы президенти Беларустун жарандыгын алганы ырасталды.

Тыңчыларга эскертүү

Хакерлер Лукашенконун жакын чөйрөсүнөн баштап, беларустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чалгын кызматынын тыңчыларына чейин жеке маалыматтарына ээ болгонун билдирди:

“Эх, Түркия менен Египет эми кош болсун! Ал эми силердин Европа биримдигиндеги тыңчылардын тагдыры кандай болору белгисиз. Ар биринин досьеси фото, паспорт маалыматы, аскер бөлүгү, каттоосу жана үй-бүлөсү сыяктуу базаны ичине камтыйт. Агентуранын жарымы кокустан ачыкка чыгышы мүмкүн. Бардык маалыматтар базасы биздин серверлерде жана алардын бардыгы Беларустун жаңы бийлигине берилет”, - деп жазылган "Киберпартизандар" деген жашыруун ат менен белгилүү хакерлер тобунун жарыясында.

Маалыматтар алынган булак Беларустун ички иштер органдарынын паспорттук-визалык кызматы тейлеген “Паспорт” электрондук маалымат тутуму. Аны Ички иштер министрлигинин буюртмасы менен “Тодес” ишканасы иштеп чыккан. Бул мекеме казакстандык күч түзүмдөрүнүн дагы ушундай маалымат тутумун иштеп чыккан. Бул ишкана дагы, буюртма берген ички иштер органы дагы электрондук базага жасалган кибер чабуулга комментарий бере элек.

Лукашенко: маалымат талаасы тартипке салынды

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Александр Лукашенко мунун алдында маалымат талаасын тартипке салганын айткан болчу:

“Маалымат талаасын тартипке салуу боюнча системалык иштер аяктап калды. Бул жерде биз башкача ойлоо же башкача пикирдегилер менен күрөшүп жатпаганыбызды түшүнүү керек. Мында жөн эле биз Конституция менен коргогон сөз эркиндиги экстремисттик ишмердикке ашып кетти. Бийликти сындоо – бир маселе. Албетте, сынды ким жакшы көрсүн, бирок биз аны дайыма кабыл алып келгенбиз”.

Беларус мыйзамы боюнча мындай аракеттер үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Хакерлер Беларустун тарыхында биринчи жолу “көп тепкичтүү операция” “саратан” деген код менен ири масштабдагы кибер чабуулдар жасалганын бекемдешти.

Хакердик топ Ички иштер министрлигинин ички тармагына кирип, бир эле учурда “Паспорт” маалымат тутумунун бир канча базасын бузууга жетишкенин белгиледи. "Киберпартизандар" каякта экенин, санын жана түпкү максатын айтышкан эмес. Бул хакерлер тобу былтыр жарандык каршылык кыймылына кирип, режимге каршы турганы белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG