Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Токио-2020: беларус спортчусу Польшадан башпаанек алды


Токио. Беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская Жапониядагы Польшанын элчилигине кирип баратат. 2-август, 2021-жыл.
Токио. Беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская Жапониядагы Польшанын элчилигине кирип баратат. 2-август, 2021-жыл.

Беларус бийлиги мелдешке катыштырбай, артка кайтарууну талап кылган беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская Минскиге учуудан баш тартып, Токиодо поляк элчилигинен башпаанек сурады.

Польшанын бийлиги беларустук жөө күлүктүн саясий башпаанек алуу өтүнүчүн канааттандырды. Расмий Варшава спортчу Кристина Тимановскаяга шашылыш виза берип, анын коопсуздугун камсыздоону мойнуна алганын билдирди. Беларустун спорттук тилектештик фонду спортчуну Минскиге мажбурлап жеткирүүгө жол бербөөнү, анын коопсуздугун камсыздоону суранган. Ошондой эле, спортчу Беларуска бара турган болсо оор тагдыр күтүп турганы боюнча эл аралык коомчулукка тынчсызданган кайрылуу жасаган.

Мекенине учуудан баш тарткан спортчу

Кристина Тимановская 1-август күнү Олимп оюндары өтүп жаткан Токиодо мелдешке катышуудан четтетилген соң, Минскиге учуудан баш тартып, Эл аралык Олимпиада комитети менен Токио-2020 уюштуруу тобунан анын коопсуздугун камсыздоону сурады:

Кристина Тимановская. Беларусиялык жөө күлүк Токио - Стамбул - Минск аба каттамы боюнча учуудан баш тартып, полициядан жардам сураган учуру. 1-август, 2021-жыл.
Кристина Тимановская. Беларусиялык жөө күлүк Токио - Стамбул - Минск аба каттамы боюнча учуудан баш тартып, полициядан жардам сураган учуру. 1-август, 2021-жыл.

“Мен Эл аралык Олимпиада комитетинен жардам берүүнү сурайм. Мага басым жасап, менин макулдугумсуз бул өлкөдөн күч менен алып чыгып кетүүгө аракеттенишүүдө. Ошондуктан Эл аралык Олимпиада комитетинен буга кийлигишүүнү өтүнөм”, – деди беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская.

Ошондой эле, ал Европа өлкөлөрүнүн биринен саясий башпаанек суроого ниети бар экенин айткан.

Куугунтукталган спортчуларды колдоо боюнча Беларустун спорттук тилектештик фондунун жетекчиси Александр Опейкин спортчунун беларус бийлиги менен пикир келишпестиги оор кесепеттерге алып келишине санааркап, Польша менен Чехия Тимановскаяга баш паанек берип, виза берүүнү сунуштаганын билдирди.

Спортчуну Минскиде эмне күтөт?

Анткени Александр Опейкин спортчуга мекенине кайтуу кооптуу экенин белгиледи:

"Азыр Беларуста мамлекеттик органга же кызмат адамына айтылган ар кандай сөз Лукашенконун режимин сындоо катары каралат. Анткени Лукашенконун ачуусун келтирчү кандай гана билдирүү болбосун, ошондой кабыл алынат. Бул жерде Лукашенко өзү ошентип буйрук бергенин жокко чыгара албайм. Себеби, мыйзам иштебеген өлкөдө бардыгы болушу мүмкүн. Адамды себепсиз түрмөгө отургузуп, сабап, кыйнап, эмнени кааласа ошону жасашы мүмкүн".

Ал эми Беларустун Токиодогу элчилиги жапон бийлигинен Тимановская каякта экени боюнча маалымат берүүнү талап кылды. Жапониянын Министрлер кабинетинин баш катчысы Катсунобу Като спортчу Кристина Тимановская коопсуз жайда экенин айтып, анын билдирүүсү боюнча тиешелүү уюмдар иш алып барып жатканын айтты:

"Бизге беларус жеңил атлетчиси Кристина Тимановская 1-августта башпаанек алуу боюнча каалоосун жарыялаганы белгилүү. Азыркы учурда Уюштуруу комитети, Эл аралык Олимпиада комитети жана башка уюмдар бул инсандын башпаанек суроо ниетин негиздөө үчүн тастыктоо чараларын жүргүзүп жатканын уктук", - деди Катсунобу Като.

ЭОК: түшүндүрмө талап кылынат

Ал эми Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) мелдешке катышуудан чукулунан четтетилип, Минскиге кетүүгө мажбурланган беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская тууралуу Беларустун Улуттук олимпиада комитетинен түшүндүрмө талап кылып, кайрылуу жиберди.

Маркс Адамс. Эл аралык Олимпиада комитетинин пресс-катчысы.
Маркс Адамс. Эл аралык Олимпиада комитетинин пресс-катчысы.

"Ал аэропорттун отелинде ишеничтүү жана коопсуз шартта түнөдү. Эл аралык Олимпиада комитети, Токио-2020 уюштуруу тобу жана жапон бийлиги аны менен сүйлөшүп, мындан аркы кадамдарды аныктайбыз. Аны менен биз дагы бир ирет сүйлөшүп, каалоосун билип, чечимин колдойбуз. Мен буга чейин айткандай, ал азыр бийликтин колунда турат. Биз ошондой эле, Беларустун Улуттук олимпиада комитетине жазуу түрүндө жагдайга түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кайрылабыз", - деди Эл аралык Олимпиада комитетинин маалымат катчысы Марк Адамс.

Ал буга чейин Тимановская учуудан баш тартып, Токиодо полициядан жардам сураганын жазган. Адамс Беларустун спорт жетекчилиги менен Олимп оюндарындагы мелдештерге чыгуу тартиби бузулганы тууралуу кайым айтышканы үчүн эми ага Минскиге кайтуу кооптуу экенин билдирген. Анткени спортчу Кристина Тимановская жетекчиликтин айынан башка аралыкта чуркай турган жөө күлүктөр допинг тестке жетишпей калып, аны мажбур түрдө чуркатуу чечими чыкканына наарызылыгын соцтармакка жазган.

Ошондон соң аны спорт жетекчилиги мелдешке катышуудан четтетип, бир сааттын ичинде жыйналып, Минскиге кетүүнү талап кылганы белгилүү болгон. Бирок жөө күлүк мекенине учуудан баш тартып, чет өлкөлөрдөн башпаанек суроого аргасыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG