Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:04

Акжол - Олимпиаданын финалына чыккан экинчи спортчу

Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Махмудов муну менен эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиаданын финалына чыккан экинчи кыргыз спортчусу болуп калды. 2008-жылы Бээжинде өткөн XXIX жайкы Олимп оюндарында күрөштүн дал ушул түрүнөн 66 килограмм салмакта Канат Бегалиев финалдык беттешке чыгып, күмүш медал тагынган.

Олимпиада оюндарынын алтын байгеси үчүн Акжол венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

XS
SM
MD
LG