Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Токио-2020: Акжол жараткан үмүт


Акжол Махмудов. Токио, 2-август 2021-жыл
Акжол Махмудов. Токио, 2-август 2021-жыл

Кырызстандык балбан Акжол Махмудов шейшембиде Токио Олимпиадасында алтын медал үчүн килемге чыгат. Ал эми Айпери Медет кызы коло байге үчүн мелдеште жеңилип калды. Бул ирет Олимп оюндарына 9 балбан катышууда.

Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов жарым финалда армениялык Карапет Чальянды жеңип, финалга чыкты. Бул – Кыргызстандын куржуну алтын же күмүш медалга толукталат дегенге жатат.

Жеңишинен кийин Акжол "Азаттык" радиосуна чакан интервью берди:

"Мен үчүн ар бир секунда, ар бир минута, ар бир аракет маанилүү болгон. Бүгүн болбосо, мен дагы качан күрөшөм Олимпиадада? Бүгүн утпасам, дагы качан утушум мүмкүн эле? Мындай мүмкүнчүлүк ар бирине, ар дайым эле берилбейт. "Кудайым, бүгүн мен тарапта болуп бер" деп тилеп жаттым. Менин оюмдун баары Олимпиадада болчу. Ким эмнеге умтулса, ошого жетет. Эртеңки финалга бар күчүмдү жумшайм".

Акжол Махмудов менен Рафиг Хусейновдун беттеши
Акжол Махмудов менен Рафиг Хусейновдун беттеши

Албетте, кыргызстандыктар Акжол алтын тагынат деген үмүттө. Анда Кыргызстан эгемен тарыхында биринчи жолу Олимпиаданын алтын байгесин алмакчы.

Ал 3-августта алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

Махмудов жарым финалга чейин азербайжандык атаандашы Рафиг Хусейновду, биринчи күрөшүндө тунистик Ламьед Маафини уткан.

Ал эми Айпери Медет кызы коло байге үчүн мелдеште түркиялык Ясемин Адарга жеңилип калды. Кыргызстандык балбан жарым финалда дүйнөнүн беш жолку чемпиону, америкалык Аделин Мариа Грейге 3:2 эсеби менен жеңилген. Ал таймаш кыргызстандык машыктыруучунун, күйөрмандардын суроолорун жараткан.

"Бүгүн таймаштарды баштар алдында калыстар тобу чогулуп, Айперинин мелдешин гана эмес башка талаштуу учурларды кайра бир сыйра аныктап чыкты. Анын негизинде упай бербей же атаандашка тартып коюуну жокко чыгарышты", - деди Токиодон Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев.

Махмудов: оюмдун баары Олимпиада болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00
Түз линк

Жарым финалга чейин Айпери казакстандык Элмира Сыздыкованы, чейрек финалда Олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны утуп алган.

Ал ортодо мамлекет башчысы Садыр Жапаров Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызын куттуктады. Анда Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп эл жан дили менен тилеп отурганын, ал эми Айпери Медет кызы үчүн бул чоң тажрыйба болорун жазган.

Бул күнү грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков учурдагы Олимпиада чемпиону, армениялык Артур Алексанянга биринчи беттешинде эле утулуп калды. Атаандашы финалга чыккандыктан, Үзүрдүн коло медал үчүн таймашууга мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Эркин күрөш боюнча 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык атаандашына 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Бирок анын да атаандашы финалга чыккандыктан, Мээрим коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анын биринчи машыктыруучусу, атасы Дүйшөн Жуманазаров кызы биринчи ирет Олимпиадага катышып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Биринчи Олимпиадасы, эң жаш катышуучу. Эми Кудай талаа берерин унутпасын. Болбосо башка убакыттарда да күрөшөт деп ойлойм", - деди ал.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик академиясынын ректору, эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы калыс, Саитдин Азизбаев бул жолку Олимпиада Кыргызстан үчүн өзгөчө экенин, буга чейин кыргыз күрөш тарыхында ушунча көп балбан жайкы оюндарга жолдомо албаганын белгиледи:

"Күрөштүн бүгүнкү күндөгү өнүгүүсү жакшы деңгээлде десек болот, туу чокусуна жакындады. Команданын курамында эки дүйнө чемпиону, дүйнө кубогунун ээси, күчтүү балбандар бар. Биздин балбандардын көрсөткүчтөрү жакшы деп ойлойм. Буга чейинки таймаштарда 8-0, 10-0 упай менен техникалык жеңиштерге ээ болушту. Олимпиада чемпиондору менен тең тайлашышты".

Азизбаевдин айтымында, Олимпиадага балбандар 4 жыл бою даярданып машыгышат. Кээде күчтүү деген спортчу жыдып калат, же тескерисинче фаворит эмес деген балбан жолдуу болуп калышы ыктымал. Андыктан техникалык гана эмес, ар тараптан даярданышы керек.

"Ири мелдештер спортчулар үчүн да, машыктыруучулар үчүн да психологиялык өтө чөң чыңалуу болот. Ошон үчүн башка өнүккөн мамлекеттердин командаларында спорттук психологдор болот. Бирок биздин командада андай адистер жок болгондуктан, машыктыруучулар өз ишин жакшы билишет".

Азизбаев мындай чоң мелдештерде спортчулар социалдык тармактарга кирбей, мактаган да, жагымсыз да комментарийлерден оолак болушу керек деген оюн кошумчалайт.

3-августта кыргызстандык балбандар, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азизбеков атаандаштарынан мөөрөй талашат.

Мээримдин атасы: кызымдын күрөшү оор болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG