Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы аныкталды


Айсулуу Тыныбекова жана Анастасия Григорьева. Архив.
Айсулуу Тыныбекова жана Анастасия Григорьева. Архив.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада 3-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азизбековдун алгачкы атаандаштары аныкталды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынаша турган Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешин латвиялык Анастасия Григорьевага каршы өткөрөт. Тыныбекова бул атаандашы менен былтыр декабрда Сербияда өткөн Дүйнө кубогунун финалында беттешкен. Анда Тыныбекова Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп алган.

Грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта чыга турган кыргызстандык балбан Атабек Азизбеков венгриялык Виктор Лоринц менен күрөшөт.

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбандар 1-августтан баштап күрөшө баштады.

Бүгүн, 2-августта 15:00дөн кийин кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло медал үчүн күрөшөт.

Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күрөшкөн Акжол Махмудов жарым финалга чыкты. Анда армениялык Карапет Чальян менен күч сынашат.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медал уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG