Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Сарыбашов: Бишкекке мэр болууну президент сунуштады


Президент Садыр Жапаров жана Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов.
Президент Садыр Жапаров жана Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов.

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмаз Мамбетов менен Бишкек шаарына мэр болору айтылып жаткан Таалайбек Сарыбашов кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдиришти.

Бул тууралуу алар "Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтышты.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине алты партия өткөн.

Алар: "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс жана Социал-демократтар.

Ош шаардык кеңешине шайлоодо төрт партия: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги”, “Бир Бол” утуп чыккан. (МТа/MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG