Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

ӨКМ Ысык-Көлдөгү селдин кесепети тууралуу маалымат берди


Ысык-Көл облусу. 30-июль.
Ысык-Көл облусу. 30-июль.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунда 30-июлда жүргөн селдин кесепети тууралуу маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы 2-августта билдиргендей, 30-июлда катуу жааган жандан Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, үйлөр, ички чарбалык унаа жолдору, эгин талаалару, суугат каналдар жабыркаган.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 342 үйдүн короосу, анын ичинде 67 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, эки үй авариялык абалга, эки үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктар, жолдорд кум шагылга толгон.

Сел каптагандан кийин жараксыз абалга келген жолдордун, үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн сүрөт-видеолору интернеттеги социалдык тармактарда жарыяланып, талкууга алынууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG