Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 574 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 2-августка карата 574 миңден ашты. COVID-19 боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, алардын 116 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Соңку бир күндө вакцинаны 7 миңге жакын адам алды.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңге, каза болгондор 2344 адамга жетти.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алды. Ал элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө чакырды.

Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда. Кыргызстандын калкы 6,5 миллион адам. Алардын 30 пайызы 15 жашка чейинкилер. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG