Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Токио-2020: Жуманазарова менен Махмудов алгачкы атаандаштарын утту


Мээрим Жуманазарова. 03.08.2017
Мээрим Жуманазарова. 03.08.2017

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова менен грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмактагы Акжол Махмудов алгачкы атаандаштарын жеңди.

Мээрим Жуманазарова Болгариянын спортчусу Мими Христованы 7:5 эсеби менен, Акжол Махмудов атаандашы Тунис өлкөсүнөн келген балбан Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен утту.

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды.

Ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло медал үчүн күрөшөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG