Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Мьянмада утурумдук өкмөт түзүлөт


 Мамлекеттик кеңештин төрагасы жана Аскредик хунтанын башчысы генерал Мин Аун Хлайн
Мамлекеттик кеңештин төрагасы жана Аскредик хунтанын башчысы генерал Мин Аун Хлайн

Мьянмада өткөөл мезгил өкмөтү түзүлөрү жарыяланды. Мамлекеттик административдик кеңештин билдиришинче, утурумдук өкмөттү Мамлекеттик кеңештин төрагасы жана Аскредик хунтанын башчысы генерал Мин Аун Хлайн башкарат.

Өткөөл өкмөт генерал Ву Не Виндин убактылуу өкмөтү менен окшоштуктардын негизинде түзүлгөн. Ал 1958 -жылы бийликке келип, 1960 -жылдагы жалпы шайлоого чейин өкмөттү жетектеген.

1-февралда Мьянмадагы генералдар Аун Сан Су Чжинин өкмөтүн кулатышкан. Хунта жетекчилиги былтыр ноябрдагы шайлоодо "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы көз боёмочулук менен жеңип чыкканын айтышкан.

Коопсуздук күчтөрү аскердик төңкөрүшкө каршы жапырт демонстрацияларды катаал чаралар менен басып, жүздөгөн катышуучулар өлтүрүлгөн, көбү камалган.

Быйыл июлдун соңунда шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылды.

XS
SM
MD
LG