Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Жапаров менен Ташиевдин көлдөгү эс алуусу талкууга түштү


Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдөгү эс алуусу талкууга түштү. Экөөнүн 1-августта сууда гидроцикл айдап жургөн учуру тартылган фотосүрөттөр социалдык желеге тараган. Ошондой эле көлдүн жээгиндеги эс алуучулар менен түшкөн сүрөттөрү жана видеолору жарыяланды.


Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөнүн айрым аймактарын сел каптап, үй-жайсыз калган адамдар чатырда күн кечирип жаткан кезде өлкө жетекчилигинин минтип эс алып жүргөнүн сындап жатышат.

Президенттик аппарат же атайын кызмат Жапаров менен Ташиевдин эс алууга байланыштуу расмий маалымат тараткан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG