Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Коронавирустан дагы 9 адам көз жумду, 897 бейтап жаңы катталды


Коронавирус. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирус. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 2-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 9 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2344 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 897 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (619), Чүй (66) жана Жалал-Абад (66) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 164 743кө жетти.

Бир күндө 1316 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3779 адам жатат, дагы 9913 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG