Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

“Калыстардын чечимин сыйлайбыз”: Токиодогу делегациянын пикири


Айпери Медет кызы жарым финалда АКШ спортчусу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделин Мариа Грей менен күрөштү.
Айпери Медет кызы жарым финалда АКШ спортчусу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделин Мариа Грей менен күрөштү.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта мелдешке чыккан Айпери Медет кызы алдыда (2-август) коло медал үчүн күрөшөт.

Кыргызстандык күйөрмандар арасында жарым финалдагы беттеште калыстык болбой калды деген нааразылыктар айтылды. Бул боюнча Токиодо жүргөн Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын башчысы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Аскарбековдун пикирин сурадык.

- Марат мырза, саламатсызбы. Олимпиаданын сегизинчи күнүндөгү мелдештер кыргызстандык спорт күйөрмандарын бир топ ызалантып койду окшойт. Айпери Медет кызынын жарым финалдагы беттешине сиздердин реакция кандай болду?

- Негизи алгач бизде дагы ошондой сезим болду. Анан кайра башкы машыктыруучу челленж берип, кайра кайталоону көрүштү. Кайталоону көрүп, калыстар ал жерде упай жок экенин тастыктап, ошондой чечим чыгарышты. Биз эми калыстардын чечимин сыйлайбыз. Анткени, калыстар дагы бүт дүйнө жүзүнөн тартылып келген күчтүү калыстар.

- Ушундай кырдаал түзүлүп калса, жыйынтыкка нааразылык билдирип кайрылганга болобу?

- Жыйынтыкка нааразылык билдирип кайрылды да. Машыктыруучу челленж берип, кайрылды. Ошол нааразылык билдирүү. Аны карашты, бирок канааттандырышкан жок.

- Айпери кайра коло медал үчүн күрөшкө чыгат эмеспи. Сиз өзүңүз жолуккан жоксузбу, маанайы кандай экен?

- Мындай убакта биздин жолукпай эле койгонубуз туура. Машыктыруучулар өздөрү сүйлөшүп, маанайын көтөрүп, көрсөтмөлөрдү беришет да.

- Эртең, 2-августта кыргызстандык үч балбан мелдешке чыкканы турат. Албетте, эми жыйынтыкты беттештер көрсөтөт. Токиого баргандан кийинки машыгуулары кандай болуп жатат? Пандемия шартында өтүп жаткандыктан шарттар кандай болду экен деген суроо жаралбай койбойт тура.

- Күрөш өтө турган аренада жакшы шарттар түзүлүп, машыгуу залдары бар. Ал жерде 12 килем төшөлгөн. Аябай жакшы шарттар менен балдар машыгып жатат. Бүгүн дагы балбандарыбыз машыгууга келишти. Бул жакта балдардын машыгуусу, даярдыгы жакшы. Болгону балдарга ийгилик гана тилеп турабыз. Кандай болорун килем көрсөтөт.

  • Жарым финалга чейин Айпери эки беттеш өткөрдү. Алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде утуп алган.
  • 22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган.
  • 23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган. Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG