Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары кимдер?


Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде 62 килограмм салмакта биринчи орунда турган Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасындагы атаандаштары кимдер? Алардын айрымдары менен таанышып алыңыз.

Юкако Каваи

Кыргызстандыктар Айсулуудан алтын күткөндөй эле, жапониялыктар Юкако Каваиге үмүт артып турушат. Ал 2016-жылы Рио-де Жанейродо өткөн Олимпиадада 63 кг. биринчиликти алган Рисако Каваинин сиңдиси. 24 жаштагы Юкако Каваи менен Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында беттешкен. Анда кыргызстандык балбан кыз Юкаконун далысын килемге тийгизип, таза жеңишке жеткен. Ал чемпионатта Айсулуу алтын алса, Юкако колого татыган.

2020-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында Айсулуу менен Юкако кайрадан беттешип, жапон кызы жеңип кеткен. Ал мелдеште 62 кг. чейинки салмакта Азия чемпиону Юкако Каваи болсо, Тыныбекова коло медалга татыган.

Эже-сиңди Каваилер Олимпиадада алтын алып, тарыхка кирүүнү көздөшөт. Быйыл Рисако 57 кг чейинки салмакта жеңиш үчүн ат салышат.

«Би-би-си» дүйнөлүк кызматы жарыялаган «Токио-2020: Жапония спорттун кайсы түрүнөн медал утушу мүмкүн?» деген макаласында дагы дал ушул бир тууган Каваилердин бири алтын алышы ыктымал экени жазылган.

Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жапониялык Юкако Киваини жеңген. 16-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан шаары.
Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жапониялык Юкако Киваини жеңген. 16-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан шаары.

Тайбе Мустафа Юсеин

Дүйнөлүк басма сөз каражаттары жазгандай, жеңишке жетиши мүмкүн дегендердин катарында 30 жаштагы болгариялык балбан кыз Тайбе Мустафа Юсеин дагы бар. Ал 2018-жылы Будапештте өткөн Дүйнө чемпионатында алтын тагынган. Европа чемпиондугун эки жолу жеңген. Андан сырткары дүйнө чемпионатында үч күмүш, эки коло медал тагынган.

Айсулуу Тыныбекова менен Тайбе Мустафа Юсеин 2019-жылы Нур-Султанда өткөн Дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн финалда беттешип, кыргызстандык балбан кыз 5:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Кайла Колин Киоко Миракл

25 жаштагы америкалык балбан кыз Кайла Колин Киоко Миракл менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык мелдешинин жарым финалында күч сынашкан. Анда кыргызстандык спортчу баарын жеңип алтын медалга татыган.

Бул Миракл катышып жаткан алгачкы Олимпиада оюндары.

Ал буга чейин Түндүк жана Түштүк Америкадагы мамлекеттердин Панамерикалык жайкы оюндарында 2019-жылы алтын, 2020-жылы күмүш алган.

Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Тайбе Мустафа Юсейин финалга чыгышкан. 20-сентябрь, 2019-жыл.
Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Тайбе Мустафа Юсейин финалга чыгышкан. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта байгелүү орундар үчүн күрөшө турган 16 кыздын арасында индиялык балбан кыз, 19 жаштагы Сонам Сонам (Малик) бар. Ал буга чейин кадеттер арасында (14-16 жаш) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. Ал эми Индиядагы тандап алуу мелдештеринде Сонам Малик 2016-жылдагы жайкы Олимп оюндарынын коло медалынын ээси Сакши Маликти эки жолу жеңген.

Сакши Малик менен Айсулуу Тыныбекова Рио-де-Жанейро Олимпиадасында коло байге үчүн күч сынашып, индиялык балбан кыз жеңишке жеткен.

Айсулу Тыныбекова – спорттук карьерасындагы үчүнчү олимп оюндарына дүйнөнүн чемпиону, өз салмагындагы фаворит катары бара жатат.

Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта биринчи орунда турат. Азиянын төрт жолку чемпиону, эки жолу күмүш, бир жолу коло байгесин алган. Азия оюндарынын алтын жана коло медалынын ээси. Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло медалын тагынган. Былтыр Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө кубогунда жеңүүчү болду. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

2012-жылы Лондондо жана 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы Олимп оюндарынын катышуучусу.

Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана алардын машыктыруучусу Нурек Изабеков. 12-декабрь, 2020-жыл. Сербия.
Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана алардын машыктыруучусу Нурек Изабеков. 12-декабрь, 2020-жыл. Сербия.

Айпери менен Мээримдин алгачкы Олимпиадасы

Айсулуудан сырткары күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандан Айпери Медетбекова жана Мээрим Жуманазарова Олимп оюндарына катышат. Экөө тең буга чейин Олимпиадага катышкан эмес. Кадеттер жана жаштар арасында дүйнө чемпионаты баш болгон бир катар эл аралык мелдештердин байге ээлери. Жуманазарова 2021-жылы Азия чемпионатын утуп алса, Айпери Медет кызы аталган турнирдин күмүш медалын 2020-жылы багындырган.

Мээрим Жуманазарова 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарынын байге ээси. Айпери Медет кызы кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган. 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. 23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган. Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).

Айпери 1-августта килемге чыкса, Мээрим Жуманазарова 2-августта, Айсулуу Тыныбекова 3-августта мелдешке чыгат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG