Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Баткен: Сел суусу үйлөрдү жана жолдорду каптады


Баткен. Сел каптаган үйлөрдүн биринде.
Баткен. Сел каптаган үйлөрдүн биринде.

Баткенде 2-августка караган түнү катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Алыш айылында 17 үйдүн коросуна, анын ичинде жети үйдүн жертөлөсүнө суу кирген.

Суу сел кетүүчү сай ичиндеги төрт чакырым ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө.

Мындан тышкары, сугат суу берүүчү каналдын үч жерине кум шагыл толуп, электр зымдары тартылган төрт устун бузулду.

Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагында сел кетүүчү сайдан аккан суу 700 метрлик ички чарбалык жолду бузду.

Көтөрмө айыл аймагында сел суусу 200 метрлик ички чарбалык жолду бузуп кетти.

19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган.

Июль айынын экинчи жарымында Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп, айрым үйлөр жана жолдор жарактан чыкты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG