Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Токио-2020: Айпери Медет кызы коло байге үчүн беттеште жеңилди


Айпери Медет кызынын казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттеши. 1-август, 2021-ж. Токио, Жапония.
Айпери Медет кызынын казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттеши. 1-август, 2021-ж. Токио, Жапония.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга жеңилип, 5-орунду ээледи. Медет кызы таймаштарын 1-августта баштаган.

Алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1, чейрек финалда Олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда АКШ спортчусу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделин Мариа Грейге 2:3 эсеби менен жеңилген.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган.

23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган. Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).

Күрөштүн ушул эле түрүнөн 68 килограмм салмакта бүгүн килемге чыккан Мээрим Жуманазарова жооткотуучу беттеште мүмкүнчүлүгүн сынайт. Ал алгач болгариялык Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен утулуп калды. Нигериялык спортчу финалга чыкканына байланыштуу Мээримге жооткотуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул беттеште ийгиликке жетсе коло байге үчүн таймашка чыгууга жол ачылат. Аталган беттеш 3-августта саат 15:15те башталат. Атаандашы ачырынча белгилүү боло элек.

Бүгүн, 2-августта грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Махмудов алтын байге үчүн 3-августта күрөшөт. Финалда венгриялык Таман Лоринц менен беттешет. Финалдык таймаш 3-августта саат 15:15те башталат.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн 97 килограмм салмакта килемге чыккан Үзүр Жусупбеков алгачкы беттешинде армениялык Артур Алексанянга утулуп калган. Армян балбаны финалга чыккандыктан Жусупбеков 3-августта жооткотуучу таймашка чыкмай болду. Ал беттеште финляндиялык Арви Мартин Совалайнен менен күрөшүп, жеңишке жетсе коло байге үчүн күчүн сыноого мүмкүнчүлүк алат.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG