Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Акжол: жеңиш үчүн бар күчүмдү жумшайм


Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальян жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальян жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Руслан Меделбек жарым финалдык беттештен кийин Акжол Махмудовду кепке тартты.

- Буга чейинки кармаштарың тууралуу айтып берсең, кандай болду? Азербейжандык, тунистик жана венгриялык балбандарды жеңип албадыңбы.

- Бүгүн Кудай- Таалам биз тарапта болду. Мен үчүн бардык кармаштын ар бир секундасы, мүнөтү абдан маанилүү болду. Анткени бүгүн болбосо мен качан күрөшөт элем?! Бүгүн утпасам дагы качан утушум мүмкүн! Мындай мүмкүнчүлүк ар кимге эле ар дайым бериле бербейт. Ошондуктан ар бир кармаштын ар бир секундасында “Алла, мен тарапта болуп бер, мен бул жеңишке муктажмын” деп тиленип жаттым. Кудай-Таала муктаждыгымды чечип берди.

Махмудов: оюмдун баары Олимпиада болчу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00
Түз линк

- Олимпиадага кандай даярдык көрдүң?

- Олимпиадага Азат агай, Майрамбек агай, Улук агай жана башкалар болуп Кыргызстанда толук даярдандык. Эл аралык мелдештерге катыштык. Менин бардык оюм Олимпиада болчу. Ким эмнеге умтулса ошого жетет. Спорт өтө чоң курмандыкты талап кылат. Биринчи дисциплина керек.

- Эртең боло турчу финалдык беттешке маанайыңыз кандай?

- Агайларым менен кеңешип, эртеңки мелдешке болгон күч аракетимди жумшайм.

- Ийгилик болсун.

Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Алдыда алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

Акжол Махмудов жана Карапет Яальян Олимп оюндарынын жарым финалдык беттешинде. 2-август, 2021-ж.
Акжол Махмудов жана Карапет Яальян Олимп оюндарынын жарым финалдык беттешинде. 2-август, 2021-ж.

Акжол Махмудов ким?

Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).

Акжол Махмудов уландар арасындагы Азия чемпионатынын финалдык беттешинде. 14-сентябрь, 2016-ж. Тбилиси. Грузия.

2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.

2019-жылы январь айында чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатын жеңип, бир айдан кийин сол тизесинен жаракат алып көп мелдештерге катыша албай калды. Жаракатына байланыштуу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпионатына да катышкан эмес.

Ал жылы декабрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алгачкы атаандашына жеңилип байгесиз калган.

2021-жылы Кыргызстандын чемпионатын жеңип, апрель айында Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алтын байге алып, Олимп оюндарына жолдомо алган.

Бүгүн, 2-августта күрөштүн ушул эле түрүнөн 97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга утулуп калды. Анткен менен армян балбаны финалга чыккандыктан Жусупбеков 3-августта жооткотуучу таймашка чыкмай болду. Ал беттеште финляндиялык Арви Мартин Совалайнен менен күрөшүп, жеңишке жетсе коло байге үчүн күчүн сыноого мүмкүнчүлүк алат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык Блессин Оборудудуга 2:3 эсеби менен утулуп калды. Жуманазарова ага чейин болгариялык Мими Николова Христова 7:5 эсебинде жеңип алган. Нигериялык спортчу финалга чыкканына байланыштуу Мээримге жооткотуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул беттеште ийгиликке жетсе коло байге үчүн таймашка чыгууга жол ачылат. Аталган беттеш эртең, 3-августта саат 15:15те башталат. Атаандашы ачырынча белгилүү боло элек.

Күрөштүн ушул түрүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн түркиялык Йасемин Адар менен күрөшөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG