Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Балбан Акжол Махмудов жаштар арасында Азия чемпиону болду


Акжол Махмудов ортодо. 15.06.2017.
Акжол Махмудов ортодо. 15.06.2017.

Кытай Тайбэйинин Тайчунг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кыргызстандык грек-рим күрөшчү Акжол Махмудов жеңүүчү болду.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак бүгүн, 15-июнда 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Махмудов финалда өзбекстандык Ялгасбай Бердимуратов менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңди.

74 кг. Финал. Акжол Махмудов (Кыргызстан) - Ялгасбай Бердимуратов (Өзбекстан) 4:1.

Ал алтын байге үчүн таймашка чейин чейрек финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Минг Диан Линди 5:0, жарым финалда кытайлык Жи Шини 6:0 эсебинде таза утуп, финалга жолдомо алган эле.

Акжол Махмудов буга чейин уландар арасында (кадеттер) эки жолу Азиянын, бир жолу дүйнө чемпиону болгон.

Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда жалпысынан алты салмакта байгелер ойнотулду.

Махмудовдон сырткары кыргыз балбандары эки күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту.

55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Жоламан Шаршенбеков финалда ирандык Мохаммед Резаиге жеңилип (4:4), күмүш медал тагынды.

84 килограммга чейинки салмактагылар арасында чемпиондук наам үчүн таймашта Калидин Асыкеев дагы бир ирандык Мехди Мохаммад Балихамзехде менен таймашта утулуп (13:2), 2-орунду алды.
60 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште Тынар Шаршенбеков жапониялык Ешика Йамаданы 8:4 эсебинде жеңип, коло байге алды.

Бүгүн килемге чыккан Адилет Абдыкалыков (66 кг.) жана Медер Абыкеев (96 кг.) алгачкы беттештеринде атаандаштарына жеңилип, мелдештерин жыйынтыкташты.

15-июнда башталган грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 19-июнга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG