Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Акжол Махмудов жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге алды (видео)


Камал Амеер Бей жана Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында. 18-сентябрь, 2018-ж.
Камал Амеер Бей жана Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында. 18-сентябрь, 2018-ж.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов ушул күндөрү Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медал тагынды. Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Махмудов 18-сентябрда көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Йилана Йилананы 9:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. 3-орун үчүн беттеште АКШ өкүлү Камал Амеер Бей менен таймашып, 8:1 эсебинде жеңишке жетти.

Акжол Махмудов менен Камал Амеер Бейдин коло байге үчүн таймашы:

Аталган балбандар 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, жеңишке АКШ балбаны жеткен эле (16:11).

Коло байге үчүн беттешке чейин Акжол Махмудов 17-сентябрда үч беттеш өткөргөн. Алгач ирандык Шаян Хоссейн Аффифини 10:1 эсебинде жеңди. Жарым чейрек финалда белорусиялык Артем Валасковичти 9:0 эсебинде утуп ишенимдүү келе жаткан. Бирок чейрек финалда орусиялык Ислам Опиевге жеңилип (1:1), алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган.

Орус балбаны жарым финалда АКШ спортчусу Камал Амеер Бей менен таймашта жеңишке жетип, финалга чыккандыктан Махмудовго көңүл жубатуучу таймашка чыгууга жол ачылды.

Словакияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө жаштар арасында дүйнө чемпионатында буга чейин Кыргызстандын эсебине бир алтын байге жазылган. Грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Эрбол Бакиров финалда египеттик Хассан Хассан Ахмед Мохаммедди таза жеңип, дүйнө чемпиону болду. 55 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшкөн дагы бир кыргызстандык балбан Нуртазин Керимберди уулу орусиялык Эмин Севершаевге жеңилип, байгесиз калды.

Акжол Махмудов 19 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж). 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды.

17-сентябрда башталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 23-сентябрга чейин уланат. (ECh/SDz).

XS
SM
MD
LG