Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Балбан Акжол Махмудов чоңдор арасында Азия чемпиону болду


Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. 28-февраль, 2018-ж. Бишкек.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. 28-февраль, 2018-ж. Бишкек.

Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия чемпиону болду. 28-февралда грек-рим күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. 72 килограмм салмакта Акжол Махмудов алтын байге үчүн казакстандык Демеу Жадраев менен таймашып, 8:6 эсебинде жеңишке жетип Азия чемпиону аталды. Махмудов финалга чейин үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын ири айырма менен жеңген.
Алгач ал иорданиялык Ахмед Махмудду 12:2, жарым финалда индиялык Кулдееп Маликти 8:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда жапониялык Томохиро Иноуени 7:0 эсебинде утуп финалга жолдомо алган эле.

Грек-рим күрөшү. Азия чемпионаты. 72 кг. Финал. Акжол Махмудов (Кыргызстан) - Демеу Жадраев (Казакстан) 8:6

Бишкектеги Азия чемпионаты Акжол Махмудов үчүн чоңдор арасында алгачкы эл аралык мелдеш. Ал буга чейин уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж) болгон. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган.

Бул күнү Кыргызстандын грек-рим күрөшчүлөрү Махмудовдун алтын байгесинин сырткары бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болду.
82 килограмм салмакта Атабек Азисбеков Азия чемпону наамы үчүн казакстандык Асхат Дилмухамедов менен күрөштү. Бул таймашта казакстандык балбан 5:2 эсебинде жеңишти колго алып чемпион аталса, Азисбеков күмүш медалга арзыды.
Атабек Азисбеков финалга чейин өзбекстандык Нурбек Хашимбековду (3:3), индиялык Сингх Харпритти (5:0) жеңип алган эле.
Коло байгелерди Каныбек Жолчубеков жана Үзүр Жусупбеков алды.
60 килограмм салмакта күрөшкөн Каныбек Жолчубеков Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде жапониялык Шинобу Отага жеңишти алдырып койгон. Жапон балбаны финалга чыккандыктан Жолчубековго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылган. Бул таймашта Жолчубеков ирандык Ширзад Али Бехештиталаны 10:3 эсебинде жеңип коло медал тагынды.
82 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Үзүр Жусупбеков тажикстандык Мирзоамин Сафаровду 4:0 эсебинде жеңип чейрек финалда өзбекстандык Рустам Ассакаловго бир гана упайдын айырмасында (2:3) жеңилип калган. Ассакалов финалга чыккандыктан Жусупбеков жооткотуучу таймашта жапониялык Юта Нараны 8:0 эсебинде жеңип 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло үчүн түштүк кореялык Хакбон Гу менен айыгышкан таймаш өткөрүп 6:4 эсебинде жеңишке жетти.
Ушуну менен күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча таймаштар аяктады. Эки мелдеш күнүнүн жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын эсебинде бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге чогулду.

Мелдештин биринчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (55 кг.) менен Урмат Аматов (63 кг.) күмүш, Азат Бейшебеков (87 кг.) менен Мурат Рамонов (130 кг.) коло медал тагынган.

Бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 157 упай топтоп 1-орунду алды. Эки алтын, бир күмүш жана төрт коло менен 156 упай чогулткан Казакстан 2-орунга ээ болду. Өзбекстандыктар бир алтын, эки күмүш жана үч коло менен 148 упай алып 3-орунга жайгашты.4-орунду Жапония, 5-орунду Иран командалары ээледи. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарга 16 өлкөнүн балбандары катышты.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. Эртең эркин күрөш боюнча беш топтом медал ойнотулат. (ECh).

XS
SM
MD
LG