Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Күрөш: Бейшебеков менен Рамонов Азия чемпионатында коло медал утту


Мурат Рамонов Азия чемпионатынын чейрек финалдык таймашында. 27-февраль, 2018-ж. Бишкек.
Мурат Рамонов Азия чемпионатынын чейрек финалдык таймашында. 27-февраль, 2018-ж. Бишкек.

Кыргызстандык балбандар Азат Бейшебеков менен Мурат Рамонов ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн коло медал тагынды.

87 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Азат Бейшебеков жалпысынан эки беттеш өткөрдү.

Алгач чейрек финалда жапониялык Масато Суми менен таймашып 5:6 эсебинде жеңилген. Атаандашы финалга чыккандыктан кыргыз балбанына коло медал үчүн таймашууга жол ачылган. 3-орун үчүн таймашта казакстандык Хуссейн Муцольгов менен күч сынашып, 5:2 эсебинде жеңишти колго алып коло байге алды.

130 килограмм салмакта күч сынашкан Мурат Рамонов жалпысынан эки беттеш өткөрдү. Ал алгач чейрек финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллаевге жеңилип калган. Атаандашы финалга чыккандыктан ага коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. 3-орун үчүн казакстандык Антон Савенко менен күрөшүп, 1 мүнөт 36 секундда таза жеңишке жетип коло байге алды. Мурат Рамонов алдыда эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта дагы Азия чемпиону наамы үчүн килемге чыгат.

Рамоновдун байгеси менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын эсебине азырынча төрт байге чогулду.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков (55 кг.) менен Урмат Аматов (63 кг.) күмүш байгеге ээ болушкан.

Бүгүн башталган грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат.

Эртең, 28-февралда кыргызстандыктар Каныбек Жолчубеков (60 кг), Роман Царев (67 кг), Акжол Махмудов (72 кг), Атабек Азизбеков (82 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) грек-рим күрөшү боюнча таймаштарга чыгат.

XS
SM
MD
LG