Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Акжол Махмудов чемпионатта күрөшпөй турган болду


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Грек-рим күрөшү боюнча 2019-жылдагы Кыргызстандын чемпиону Акжол Махмудов быйылкы өлкөнүн чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов «Азаттыкка» билдирди. Ал Акжол Махмудовдун буга чейин жаракат алган сол тизеси дагы эле толук калыбына келе элек болгондуктан ушундай чечим кабыл алынганын кошумчалады.

- Акжолдун жаракат алган буту операциядан кийин толук калыбына келе элек. Анын бир буту экинчи бутунан 1-1,5 см ичке болуп, толук булчуң албай калды. Андыктан азыр тобокелге салбай эле коё туралы дедик.

Мейрамбек Ахметов кошумчалагандай, Акжол Махмудов ири мелдештерге катышуу үчүн кеминде дагы бир айга чукул убакыт керек.

Акжол Махмудов Акжол Махмудов бир жыл мурун грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатын 77 кг салмак категориясында утуп алган. Ал 2019-февралда сол тизесинен жаракат алгандыгына байланыштуу 10 айдан бери калыбына келтирүү этабынан өтүп келатат. Махмудов 2018-жылы Азия чемпиону болгондон кийин, 2020 Олимп оюндарына лицензия алууга өтө жакын болгон. Алдыда Махмудов Олимпиадага лицензия берүүчү турнирге катышар-катышпасы белгисиз. (SDz)

XS
SM
MD
LG