Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Токио-2020: Бекдөөлөттүн ызасы, Ибрахимдин рекорду

Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнүндө оор атлетика боюнча эркектер арасындагы оор салмактагы мелдештер жыйынтыкталды. 31-июлда 10 спортчу 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Бул салмакта Кыргызстандын намысын спортчу Бекдөөлөт Расулбеков коргоду. Бекдөөлөт булкуп көтөрүүдө 166, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм салмакты багындырып, жалпысынан 374 килограмм салмак менен 6-орунду ээледи.

1-орунду Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алды. Ал 402 килограмм салмакты көтөрүү менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Спортчу булкуп көтөрүүдө 177 килограмм, түртүп көтөрүүдө 225 килограммды багындырды.

Күмүш жана коло байгелерди 387 килограммды эсебине жазган Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья (177 кг, 210 кг.) менен Грузиянын өкүлү Антон Плесной алды.


XS
SM
MD
LG