Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Токио-2020: Айпери Медет кызы медал үчүн күрөшөт


Айпери Медет кызы АКШ спортчусу Аделин Мариа Грей менен күрөшүүдө. Токио. 1-август, 2021-ж.
Айпери Медет кызы АКШ спортчусу Аделин Мариа Грей менен күрөшүүдө. Токио. 1-август, 2021-ж.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта килемге чыкккан Айпери Медет кызы жарым финалда АКШ спортчусу, дүйнөнүн беш жолку чемпиону Аделин Мариа Грейге 3:2 эсеби менен жеңилди.

1-айлампада АКШ өкүлүнүн эсебине эки упай жазылган. 2-айлампада Айпери атаандашын килемдин сыртына түртүп чыгарууга аракеттенди. Бул аракетке калыстар упай бербей, ага нааразы болгон кыргызстандык машыктыруучу видеодон кайталап көрүүнү талап кылып, челленж берди. Челенж да АКШ спортчусунун пайдасына чечилип, ага дагы бир упай берилди. Акыркы мүнөттө Айпери эки упайлык ыкма жасоого жетишип, тилекке каршы эсепти теңөөгө үлгүрбөй, таймашка бөлүнгөн убакыт соңуна чыкты.

Эми 2-августта коло байге үчүн күрөшөт. Атаандашы эртең белгилүү болот.

Жарым финалга чейин Айпери эки беттеш өткөрдү. Алгач казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде утуп алган.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган.

23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган. Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.).

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG