Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Талибдер Герат шаарын чабуулга алууда


Коопсуздук кызматкерлери Ооганстандын Герат шаарындагы Гузара районунун Пули-Малан аймагындагы постту кайтарып турат. 30-июль, 2021-жыл.
Коопсуздук кызматкерлери Ооганстандын Герат шаарындагы Гузара районунун Пули-Малан аймагындагы постту кайтарып турат. 30-июль, 2021-жыл.

Ооганстандын батышындагы Герат шаарынын четинде талибдер менен ооган коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда салгылашуулар болду.

Талибан шаарга жарым-жартылай ээлеп алганын билдирди. Бирок Кабулдагы ооган бийлиги четке кагып, талибдердин чабуулу кайтарылганын айтууда.

Маалыматтарга караганда, талибдер Ооганстандын бардык аймагында басып алуу аракеттерин улантууда.

Бул тапта АКШ жана башка чет элдик аскер күчтөрү өлкөдөн аскерлерин чыгарууну аяктоо алдында турат.

Ооган Коргоо министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Фавад Амандын "Азаттыкка" билдиришинче, ооган коопсуздук жана коргонуу күчтөрү "талиптерди талкалап, алардын Герат, Кандагар, Гилменд жана Тахар провинцияларындагы чабуулдарын кайтарышты".

Ошол эле учурда 30-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун жардам берүү миссиясынын бункерине кол салуу болду. Анда комплекстин күзөтчүсү болуп иштеген бир адам каза болгон.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жалина Портер бул окуяны айыптады. (МТа)

XS
SM
MD
LG