Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Бишкек шаарынын мэрлигине Сарыбашевдин келери айтылууда


Таалайбек Сарыбашев. 2018-жылдагы сүрөт.
Таалайбек Сарыбашев. 2018-жылдагы сүрөт.

Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Ош шаарынын учурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев келиши мүмкүн. Ал эми Ош шаарынын мэрлигине президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов барат. Бул тууралуу "Азаттыктын" президенттин администрациясындагы ишенимдүү булагы билдирди.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев менен байланышканда, азырынча Ош шаарында экенин, "айтылып жаткан сөздөр тууралуу эртең, дүйшөмбү күнү белгилүү боло турганын" айтты.

Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ош шаардык кеңеши биринчи сессиясына чогула элек. Бишкек шаардык кеңеши биринчи сессиясын өткөрүп, төрага кылып Куванычбек Конгантевди шайлады.

Таалайбек Сарыбашев 50 жашта. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келет. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.

Алмаз Мамбетов 45 жашта. 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG