Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Токио-2020: кыргызстандык үч балбандын атаандаштары аныкталды


Акжол Махмудов. 2017
Акжол Махмудов. 2017

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада 2-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбековдун алгачкы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын башчысы Марат Аскарбеков билдирди.

77 кг салмактагы Акжол Махмудов алгачкы күрөшүн Тунис өлкөсүнөн келген балбан Ламьед Маафи менен өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 8:00дө башталат.

97 кг салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга каршы чыгат.

Кыз-келиндер күрөшүндө 68 кг салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алгачкы күрөшүн Болгариянын спортчусу Мими Христова менен өткөрөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG